КРнын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунда кургатылган абрикосту DDP-15 эл аралык стандартка ылайык жасоо тууралуу маалыматтык жыйын болду. Иш-чарада өлкөнүн түштүгүнөн ташылып келинген абрикос кагынын сапаты, канчалык деңгээлде бышканы тууралуу, башкача айтканда ал кактар канчалык деңгээлде талаптарга жооп берери боюнча сөз болду.
Жолугушууда стандарттарды киргизүү боюнча Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын улуттук органдарынан турган регионалдык жумушчу топтун отчету угулду. Анда дыйкандар арасында маалыматтык кампания кандай деңгээлде жүрүп жатканы айтылды.
КРнын Экономика министрлигинин эксперттеринин пикиринде, кургатылган абрикостун мындай эл аралык стандарттарга жооп берүүсү Кыргызстанга эл аралык рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экспорттук потенциалын жана экономикасын көтөрөт.
Ошондой эле жолугушууда кара өрүктүн товардык сапаты тууралуу да маселе көтөрүлдү. Жумушчу жолугушуунун уюштуруучулары КРнын Экономика министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык донорлор жана бизнесмендер болушту.