• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз дүкөндөрүндө кытай эти пайда болобу?

????????????????????????????????????

👁 929

2017-жылдын башынан тарта Кыргызстан Кытайдан эт ташууга тыюу салды. Биз бул эмнеге байланыштуу экенин жана рынокко кандай таасир берерин билип көрүүнү чечтик.

Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунан тарта ЕАЭБдин расмий мүчөсү болуп келет. ЕАЭБге байланыштуу бардык иштер жакшы болду деп айтуу мүмкүн эмес, кемчиликтер да болбой койгон жок.

2017-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан Кытайдан эт ташууга тыюу салды – бул бир нече курч суроолорду жаратты: этке болгон баа жогорулабайбы? Өзгөрүү кимге көбүрөөк сезилет?

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспециясынын бөлүм башчысы Манас Майканов абал тууралуу телефон аркылуу айтып берди: “Биздин өлкө Кытайдан мал этин ташып келүүгө убактылуу тыюу салды. Биз кытай товарынын сапаты ЕАЭБдин нормаларына туура келеби же жокпу текшерүүбүз керек. Учурда биз кытай тарап бизди качан Кытайга чакырарын күтүп жатабыз. Кытайга баруу менен биз эт-сүт азыктарынын сапатын текшерип келебиз”.

Кытайга ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия барат. Текшерүүлөрдөн кийин алар Кытайдан эт алып келүү керекпи же жокпу чечишет. ЕАЭБдин эрежелерине ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн, анын ичине Кытай да кирет, алынып келинген азыктар сертификациядан өтүшү керек.

Эт сатуучулардын биринин айтымында, тыюу салуу эттин баасына эч кандай таасир берген жок.

“Базарда койдун эти 285 сом турат, уй эти болсо орточо эсеп менен 300 сом. Этке болгон баа бир аз жогорулады, бирок мындай абал жыл сайын жазында болот, анткени ушул маалда малды багуу кымбаттайт. Сатуучу катары элдер көбүнчө Кытайдан келген тоок этин сатып алышчу. Мисалы, тоок эти же өрдөк эти. Тоок этин дагы көбүнчө эт сатып алууга мүмкүнчүлүгү жоктор алышат”.
Кытайдан Кыргызстанга жыл сайын 18 тонна канаттуулардын эти алынып келинчү.

Каракол облустук ооруканасынын врач-анестезиологу Эркин Туюкбаев мындай деди:

“ЕАЭБге киргенибиз жакшы болду. Эми көп азыктар текшерүүдөн өтөт. Бул зарыл. Кытайдан алынып келинген буюмдар дагы ишенбөөчүлүк жаратат. Атайын лабораториялардагы эл аралык стандарттарга ылайык, текшерүүдөн кийин биз эмнени жеп жатканыбызды билип калабыз”.

Кытайга баруу жаз айларынын башына пландалган, ага ЕАЭБ өлкөлөрү, Россия, Казакстан, Беларусь жана Кыргызстан кирет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости