• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргыз чапанын кыйырга таанытып жаткан Бегайым

begayyim-uy-bulosu-menen

👁 4,054

Чапан акыркы убактарда айымдардын, мырзалардын саркеч кийимдеринин сап башына чыкты. Кыргызстандык дизайнер, уз-чеберлер тарабынан унутта калып кеткен кыргыз чапаны кайра жанданып, заманбап этно стилде тигилип жатат.

Бегайым Бекназарова элибиздин эзелки этно маданиятын эске салып, заманбап стилде чапан тигип, ата мекендик өндүрүшкө салым кошуп келе жаткан уз-чеберлердин бири. Ал кол эмгегине таандык чапандарды Instagram, Facebook, Одноклассники сыяктуу социалдык желелер аркылуу жарнамалап, “Maral chapan” деген товардык белги жабыштырган.

Каарманыбыз Бегайым Бекназарова чеберчилик өнөрдү аркалоого алып келген чыйыр, чыгармачылык, ишкердиги тууралуу айтып берди.

–Чеберчилик өнөрдү кандайча аркалап калдың? 

–Кол өнөрчүлүккө жөндөмдүүлүк менин генимде бар десем болот. Анткени, чоң апам айылдагы бирден-бир колунан көөрү төгүлгөн уз аял болуп,бүткүл айыл элине чапан тигип берчү. Мен чоң апамдын колунда чоңойгондуктан секелек кезимен баштап эле анын уздугу менин эс тутумума сиңе берген экен. Бой жетип, орто мектепти, университетти аяктап, өз кесибим боюнча иштеп жүрдүм. Бирок эмнегедир тигүүчүлүк өнөрдү жүрөгүмө жакын кабыл алып, алыстай албадым. Өз адистигим боюнча мамлекеттик мекемелерде иштеп жүргөндө да тигүүчүлүктү кошо аткарып жүрдүм. Заман талабына жараша тигүү тармагы кеңири кулач жайып, көпчүлүгү жеңил өнөр жайга кирип кетпедиби. Ошол кезде мен дагы адегенде кийим-кече тигип жүрдүм. Негизи 8-классымдан баштап эле тигүүчүлүк менен алектене баштагам.

–Кыргыз чапанын кайрадан элдин эсине салып жатасың. Чапан тигүү идеясы эмнеден улам жаралды?

–Кыргызстанда чапанды биринчилерден болуп Жумагүл Сариева деген дизайнер мода кылып чыгарды. Ошол эже алгачкылардан болуп кыргыз чапанын заманбап жасалгада иштеп чыккандан кийин элибиз бул аздек кийимди ушунчалык сагынып калгандыгы байкалды. Суроо-талап көп болгондуктан, жалгыз Жумагүл эже тигип жетишпей калганда биз сыяктуу тигүүчүлөр тиге баштады. Айтор, чапандын кайра жаралышы түздөн-түз Жумагүл эжеге таандык. Албетте анын эмгегин кайталабай өзүбүздүн фантазиябыз менен чыгара баштадык.

1-21-1

–Чапанды эл кандай кабыл алды?

–Акыркы убактарда өлкөбүздө жүз берген жагымсыз окуялардан кийин элибиз мекенчилдик духка ушунчалык суусап калыптыр. Алгач эле жакшы кабыл алып,тигилип баштагандан тарта ыраазычылыгын ыроолоп жатышат. Чет жакты байыткандан көрө, ата мекендик өндүрүшүбүздү колдойлу деп бизди жаңыча иштөөгө, дагы жаңылык киргизүүгө шыктандырып келет. Биз дагы баасын өтө жогору койбой, эки жарым миң сомдон беш миң сомго чейин наркта тартуулап жатабыз.

Бир жаштагы балдардан баштап 80–90 жаштагы улгайган чоң ата, чоң энелерибиз алып жатышат. Өзгөчө турмушка узай турган селкилер чапанды кыйгап өтпөй калды. Мурда кыздын сеп сандыгына апаларыбыз Кытай же болбосо Түркиянын пальтосун салышса, эми анын ордун кыргыз чапаны алмаштырды.

–Чапандын дизайны кимге таандык?

–Чапандын дизайны негизинен өзүмө эле таандык. Аны тигээрден мурда кагазга болочоктогу көрүнүшүн чиймелеп алам. Кээде көчөдө бараткан бирөөнүн саркеч кийимин көрүп калып, эмне биз дагы ушундай стилде чапан чыгарсак болбойт деген ойдо тиге баштайм. Негизинен биздин кол эмгекке таандык чапандардын дээрлик көпчүлүгү классикалык стилде. Болуп көрбөгөндөй, эч кимге окшошпогон жаңылык киргиздим деп айта албайм. Айрым жерлерине жеке идеямды кошком.

–Чапан кандай материалдардан тигилет?

–Чапанга Индия, Түркия, Кытайдын материалдары колдонулат. Айрымдар пахта кездемеси бырышып калат дешет, алардын талабын орундатуу үчүн Кытайдын материалын колдонобуз. Айтор, ар бир кардардын өтүнүчү, мүмкүнчүлүгүнө жараша түрдүү кездемеден тигебиз. Башында өзүбүздүн чыгармачылык менен тигилген чапандарды элге сунуштаганбыз. Булардын арасынан үч-төрт фасонду эл көбүрөөк алышат. Айрым гана адаттан тышкаркы көз караштагы адамдар келип, өздөрүнүн өзгөчө буюртмасын беришет. Кээ бирлер чапандын арт жагын узун, астын кыска болушун, дагы бири капюшону менен тигилүүсүн каалашат. Алардын айткандары боюнча тигип беребиз.

1-31-6

–Бир чапанды тигүүгө канча убакыт кетет?

–Бир чапанды тигүү үчүн бир күндүк убакыт сарпталат. Ички жана сырткы кездемени бычып алып ортосуна кебезди салып алып шырыйт. Шырыгандан кийин баарын бири-бирине туташтырылат.

–Азыркы учурда жеке адам ушунчалык чоң жумушту аркалашы кыйын. Дегеним колдоочуларың кимдер?

–Менин эң биринчи колдоочум, сынчым – бул апам. Апам чоң апамдын келини, орун басары болгондуктан ал дагы абдан иштиктүү айым. Апам ар убак кеп-кеңешин берип, менин бул ийгиликти багынтуума чоң жардам берди. Үй-бүлөдө жолдошум колдоо көрсөтүп, ар убак арка-жөлөк болуп турат.

–Чапан – байыркы убакта сырт кийимдердин аздеги катары бааланып, ар бир кыргыз баласынын негизги кийими болгон. Ал башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүү кездемелерден тигилген. Жеңи менен бою бир бычылып, ага жүн, кебез салынып, жука кездемелерден ичтелет.

Мурдагы мезгилде кыз-келиндер атка бачым минүү, узак жол жүрүүгө мажбур болгондуктан чапандар да узун этектүү, кең, этеги кымтылануучу, бели кездеме же кур менен байланган абалда болгон. Мезгилдин өтүшү менен кайра жаралуу доорун башынан кечирип жаткан чапандар учур талабына жараша кымча бел, кыска этектүү болуп, заманбап стилде тигилип жатат.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости