Бегайым Бекназарова элибиздин эзелки этно маданиятын эске салып, заманбап стилде чапан тигип, ата мекендик өндүрүшкө салым кошуп келе жаткан уз-чеберлердин бири. Ал кол эмгегине таандык чапандарды Instagram, Facebook, Одноклассники сыяктуу социалдык желелер аркылуу жарнамалап, “Maral chapan” деген товардык белги жабыштырган.
Каарманыбыз Бегайым Бекназарова чеберчилик өнөрдү аркалоого алып келген чыйыр, чыгармачылык, ишкердиги тууралуу айтып берди.
–Чеберчилик өнөрдү кандайча аркалап калдың?
–Кыргыз чапанын кайрадан элдин эсине салып жатасың. Чапан тигүү идеясы эмнеден улам жаралды?
–Кыргызстанда чапанды биринчилерден болуп Жумагүл Сариева деген дизайнер мода кылып чыгарды. Ошол эже алгачкылардан болуп кыргыз чапанын заманбап жасалгада иштеп чыккандан кийин элибиз бул аздек кийимди ушунчалык сагынып калгандыгы байкалды. Суроо-талап көп болгондуктан, жалгыз Жумагүл эже тигип жетишпей калганда биз сыяктуу тигүүчүлөр тиге баштады. Айтор, чапандын кайра жаралышы түздөн-түз Жумагүл эжеге таандык. Албетте анын эмгегин кайталабай өзүбүздүн фантазиябыз менен чыгара баштадык.
–Чапанды эл кандай кабыл алды?
Бир жаштагы балдардан баштап 80–90 жаштагы улгайган чоң ата, чоң энелерибиз алып жатышат. Өзгөчө турмушка узай турган селкилер чапанды кыйгап өтпөй калды. Мурда кыздын сеп сандыгына апаларыбыз Кытай же болбосо Түркиянын пальтосун салышса, эми анын ордун кыргыз чапаны алмаштырды.
–Чапандын дизайны кимге таандык?
–Чапан кандай материалдардан тигилет?
–Чапанга Индия, Түркия, Кытайдын материалдары колдонулат. Айрымдар пахта кездемеси бырышып калат дешет, алардын талабын орундатуу үчүн Кытайдын материалын колдонобуз. Айтор, ар бир кардардын өтүнүчү, мүмкүнчүлүгүнө жараша түрдүү кездемеден тигебиз. Башында өзүбүздүн чыгармачылык менен тигилген чапандарды элге сунуштаганбыз. Булардын арасынан үч-төрт фасонду эл көбүрөөк алышат. Айрым гана адаттан тышкаркы көз караштагы адамдар келип, өздөрүнүн өзгөчө буюртмасын беришет. Кээ бирлер чапандын арт жагын узун, астын кыска болушун, дагы бири капюшону менен тигилүүсүн каалашат. Алардын айткандары боюнча тигип беребиз.
–Бир чапанды тигүүгө канча убакыт кетет?
–Азыркы учурда жеке адам ушунчалык чоң жумушту аркалашы кыйын. Дегеним колдоочуларың кимдер?
–Чапан – байыркы убакта сырт кийимдердин аздеги катары бааланып, ар бир кыргыз баласынын негизги кийими болгон. Ал башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүү кездемелерден тигилген. Жеңи менен бою бир бычылып, ага жүн, кебез салынып, жука кездемелерден ичтелет.
Мурдагы мезгилде кыз-келиндер атка бачым минүү, узак жол жүрүүгө мажбур болгондуктан чапандар да узун этектүү, кең, этеги кымтылануучу, бели кездеме же кур менен байланган абалда болгон. Мезгилдин өтүшү менен кайра жаралуу доорун башынан кечирип жаткан чапандар учур талабына жараша кымча бел, кыска этектүү болуп, заманбап стилде тигилип жатат.
Назгүл Бостонбаева