Өлкө аймагында 169 мектептин имараты кооптуу деп табылган. Бул тууралуу Бюджет жана финансы боюнча комитетте 2015–2017-жылдары объектилерди куруу иштеринин, капиталдык оңдоонун, ошондой эле калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштердин аткарылышынын абалы каралып жатканда белгилүү болду.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин айтымында, буга чейин өлкө аймагы боюнча 193 мектептин имараты авариялык абалда деп эсептелип келген. Алардын абалы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу бар. Азыр биз 24 мектеп боюнча текшерүү ишин аяктап, айрымдарын ал тизмеден чыгардык, дагы 29 мектептин имараты боюнча сунуштама берилди», — деди ал.
Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев авариялык абалдагы мектептер биринчи кезекте каржылана турганын кошумчалады.
Муну менен катар эле Төрөбай Зулпукаров Өкмөт 2014-жылы окуучулар чатырларда окубасын деген чечим чыгарганын эске салып, ал чечимдин аткарылышы менен чатырларда окуп жаткан окуучулардын азыркы абалына кызыкты.
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев азыр өлкө аймагындагы 3 мектеп чатырларда окуп жатканын, алар негизинен табигый кырсык болгон жерлерде орун алганын белгиледи.
«Буюрса, келерки окуу жылы башталганча алардын мектепбинин курулушун бүткөрүп беребиз», — деди ал.
Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев быйыл негизинен курулушу бүтпөй калган мектептердин имаратына өзгөчө көӊүл бурула турганын айтты. «2018-жылга 2,9 млрд сом көлөмүндө капиталдык салым каралган. Ал март айынын аягына карата 33 пайызга каржыланды, калган каражат түшкөн кайрылууларга жараша каржыланат. Андай объектилердин тизмеси жыл башында эле бекитилген», — деди ал.