Бул роботтрактор өтө кылдаттык менен жана тез эле аң казууга жөндөмдүү. Болгону казыла турган жердин өлчөмү тууралуу маалымат туура киргизилүүсү керек. Топурак казуу иши курулушута өтө көп эмгекти талап кылган жана баасы кымбат турган иш.
Роботтрактор курулуштардын фундаментин куюу үчүн жерлерди казып берет. Учурда жер казуу үчүн бир нече адамдан турган команда кадимки техникасы менен 3 күнгө чейин иштейт. Ал эми роботрактор жалгыз эле ушул ишти аткара алат жана эс алуу, түштөнүү дегенди билбейт.
Акчаларын үнөмдөөнү билген курулуш компаниялары үчүн бул баалуу табылга.
Баса, Америкага кетүүнү каалап жүргөндөргө кулак кагыш: АКШда курулуш тармагына жумушчу күчтөр жетишпей жатат. Бул маселени чечүү үчүн курулушчулар жаңы технологияны колдонушса керек. Өнөр-жайды автоматташтыруу жумушту бир топ жеңилдетет. Жумушчу орундардын азаюу коркунучу бар болгонуна карабастан роботтордун курулушка аралашуусу инфраструктураны өнүктүрүүгө жардам берет.
Кыскасы, курулуш революциясы деле алыс эместей. Тактап атйкнада революция Кыргызстандан башка өлкөлөрдө болгон. Ал эми Кыргызстан болсо чокуда туруп алып эле көчмөн цивилизациясы менен мактанып бүтпөй келет.