Башынан баштайлы.
Бул долбоорду ишке ашыруу төмөнкүдөй баскычтардан турат:
Курулуш дүкөнүн ачуу үчүн бир катар документтерди топтоо зарыл, аларга: Мамэкотехинспекциянын санитардык-эпидемиологиялык чечими, өрт инспекциясынын уруксаты, дүкөндүн нормативдик документтери кирет.
Коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн ЖЧК жана Жеке ишкана катары каттоо керек, Кыргызстанда бул маселени патент аркылуу чечсе болот:
Дүкөн жайгашкан жерди тандоо үчүн унаа токтотуучу жайдын болуусу, жөө адамдардын көп жүрүүсү, көрүнүктүү жерде болуусу, окшош дүкөндөрдүн жоктугу маанилүү роль ойнойт. Дүкөндүн аянты 100 чарчы метрден кем болбошу зарыл. Бирок баары дүкөндүн масштабынан жана ассортиментинен көз каранды.
Бул долбоордо элдер көп жашаган аймактан имаратты ижарага алуу зарыл. Себеби кардарлардын көбү жакын аймактарда жашаган тургундар болот. Унаа токтотуучу жайдын болуусу жана подьезддердин бет маңдайында жайгашуу бул ийгиликти дагы арттырат. 130 м2 соода залына, 60 м2 складга, 10 м2 техникалык имарат болот.
Техникалык камсыз болуу жагына келсек коопсуздук техникасы сакталуусу керек. Буга байланыштуу залды тиешелүү жарык берүүчү жана вентиляциялык жабдуу менен камсыз кылуу зарыл.
Мындан сырткары, стеллаж,витрина, касса аппаратын сатып алуу керек. Дүкөн өзүн-өзү тейлөө форматында иштегендиктен бир нече стеллаж керек, ага товар тизилет.
Мисалы, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында курулуш дүкөнү бар. Ал жакта дүкөн катары үй-бүлө өзүнүн короосун колдонот, анын аянты 300 чарчы метрден көп.
Товар ташуучуну тапкан соң товар алууга кезек келип жетти. Орточо курулуш дүкөнү үчүн ар түрдүү товарларды сатып алууга орточо эсеп менен 820 000 сом керек. Эн башкысы керектүү товарларды чеги менен алууну билиңиз, кереги жок эле товарларга дүкөнүңүздү толтуруп албаңыз.
Сатуучу-консультанттарга коюлган талаптар: курулуш каражаттарын билүү, кардарды өзүнө тартып, ага керектүү жардамын сунуштоо, уюштуруучулук жөндөмү бар, жоопкерчиликтүү жана сылык.
Эми уюштуруучулук планга өтөлү
Даярдоо баскычы 2 айдай убакытты алат. Ал убакыттын ичине дүкөндү каттоо, өнөктөштөрдү табуу, имарат издөө, жумушчу издөө, товар жана жабдуу сатып алуу кирет.
Бул долбоордо ишкер башкаруучунун ролун аткарат – бардык каттоо процедураларынан өтөт, ижара берүүчүлөр менен сүйлөшөт, товар сатып алат, дүкөндү өнүктүрүү менен алектенет. Башкаруучу жумушчу процессти көзөмөлгө алып, жумушчулардын ишин карап, товарларды сатып алып, эсептешүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү документтерди дайындайт.
Соода процессин ишке ашыруу үчүн дүкөндө сатуучу-консультанттар жана кассирлер иштейт. Дүкөн күн сайын иштегендиктен кезек менен иштөө иш графигин түзүү зарыл. Иш убактысы 2⁄2 болушу керек. Бир кезметте кассир жана 2 сатуучу-консультант.
Дүкөндүн иштөө графиги саат 10:00дөн 20:00гө чейин болот. Бул шарттардан улам шаттык расписание келип чыгат. Эмгек фонду 200 000 сом болот, бирок бул ишти бир үй-бүлө баштаса анда чыгымдар азаят.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялардын көлөмүн эсептөө зарыл. Бул үчүн жабдууларды алууга кеткен чыгымды эсептөө керек. Дүкөндү ачуу үчүн биринчи инвестиция 1 647 360 сом болот. Керек болгон инвестициянын негизги бөлүгү товар запасына керектелет – анын көлөмү 50%; айлануучу каражат 14%, жабдууларды алуу — 19%, имаратты ижарага алуу жана аны оңдоо — 13%, калган 4% — жарнамага жага бизнести каттатууга. Долбоор жеке капиталдын эсебинен каржыланат.
Салык төлөмдөрү дайыма кетчү чыгымдарга кирет, алардын суммасы белгисиз жана кирешеден көз каранды болгондуктан ал бул макалага кошулган жок.
Кийинки материалда ЭКОНОМИКА долбоордогу тобокелчиликтер жана натыйжалар тууралуу маалымат бермекчи. Мындан сырткары тиешелүү эсептик таблицаны жарыялайбыз.