ЭКОНОМИКА маселени жеңилдетип, өз ишиңди кантип баштаса болору тууралуу жана ага канча каражат керектигин жарыялап турууну чечтик.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн 200 м2 болгон шаардыктар көп жүргөн жерден имарат ижарага алынат. Соода залынын аянты 130 м2 болот.
Алгачкы инвестициянын көлөмү 1 650 000 сом болот. Ага жабдуулар алынып, товарды алууга жумшалат. Талап кылынган инвестициялардын негизги бөлүгү — 50% ы товарды запас кылып алууга кетет. Долбоорду ишке ашыруу үчүн өз каражатыңызды колдонсоңуз болот.
Эмнеге курулуш каражаттарын сатуучу дүкөн? Анткени учурда Кыргызстанда курулуш иши абдан кызуу жүрүүдө. Даяр үйдө жашагандар дайыма аны оңдоп-түзөп турарын унутпоо керек.
Курулуш каражаттарын саткан дүкөн сатуунун жакшы жактары менен ката эле кемчиликтери да бар. Негизги артыкчылыгы товарга болгон суроо-талаптын көптүгү, бул болсо туруктуу кирешенин кепили. Статистикага ылайык, Кыргызстандагы үй-бүлөлөр ар бир 5–7 жыл сайын үйүн оңдоп турушат. Жеңил оңдоо иштерине кеткен убакыт эсептелген эмес. Дүкөндүн рентабелдүүлүгү товарга койгон баадан көз каранды болуп 30–32%ды түзөт.
Бизнести жүргүзүүнүн кыйынчылыктары:
–күчтүү атаандаштык. Базарда чакан соодагерлер менен катар эле курулуш гипермаркеттери менен дагы атаандашууга туура келет, алар негизинен тандоону кенен кылышып, бааны төмөн кылышы мүмкүн.
- баа саясаты. Товарларга оптималдуу баа коюу керек, себеби жогору коюлган баалар кардарларды чочутат, ал эми өтө арзан болсо өзүн актабай калышы мүмкүн. Конкуренттердин баасын анализдеп чыгып бааны алардыкынан 2% төмөн кылып койсо болот;
–товарлардын түрү көп болуусу зарыл, себеби ар бир кардардын табити ар башка. Биринчиден, ассортиментти туура тандоо керек. Экинчиден, товарларды жеткирип берүүчүлөрдүн көбү менен байланыш түзүп, өзүңүзгө жаккан эң ылайыктуусун тандап алыңыз.
- сатуулар сезону. Статистикага ылайык, сатуулар жазында жана күзүндө күч алат, ал эми жайында 70–80% болсо, кышында 50–60% болот. Айрым товарлар сезон менен гана өткөндүктөн ассортименттин кеңири болгону жакшы.
Бул долбоор курулуш каражаттарын чекене сатууга багытталган. Дүкөн “үйдүн жанындагы” чакан курулуш супермаркетиндей эле болуусу керек. Мындай форматтагы дүкөн үчүн оңдоо иштерине керетүү нерселерге басым жасоо зарыл (мыктар, бекитүүчү элементтер, сырлар, клейлер, курулуш шаймандары).
Дүкөндүн форматына ылайык, анын ассортименти аныкталат, ага төмөнкү товарлардын тобу кирет:
-
сырлар, щеткалар, валиктер;
- курулуш аралашмалары, цемент, грунтовка, шпатлевка, алебастр ж.б.;
- монтаж кылуучу пена, суюк мык, герметик, клей;
- ар түрдүү мыктар, шуруптар, буроолор ж.б.
- обои. Бул товар кардарлардын талаптарына жана табитине туура келгидей көп түрдө болуусу керек. Андан сырткары клей, кисть ж.б керек;
–пол. (ламинат, линолеум, ковролин, паркет плинтус ж.б.)
–курулуш шаймандары (валик, шпатель,балка, дрель ж .б).
Ассортимент тандоонун алдында рынокту жакшылап анализдеп чыгуу зарыл. Атаандаштарда кандай товарлар бар, товар жеткирип берүүчүлөрдө эмне бар билип алууңуз зарыл. Бул уникалдуу сунуш берүүгө түрткү болот. Товар алуудагы жасалган анализ ашыкча жана көп өтпөгөн товардан сактанууга, атаандаштык жаратууга жана кардарларды тартууга жол ачат.
Курулуш дүкөнү үчүн төмөнкү сунуштарды эске алуу зарыл:
–бир түрдөгү товар ар кандай баада жана ар кайсы фирма тарабынан чыгарылган болушу керек. Орточо баадагы товарлар ассортименттин 60%дан көбүн түзбөшү керек;
-
сапаттуу товар берген ишенимдүү товар ташуучуларды тандаңыз, себеби дал ушул нерсе дүкөнгө абой алып келет;
- товар ташуучуларды тандап жатканда алар башка дүкөндөргө дагы ташышабы билип алыңыз. Уникалдуу сунуштар кардарды тартууга жардам берет;
- кандайды бир товар жакшы сатылбай жатса аны азайтуу керек, бирок ассортименттен алып салууга болбойт.
Дүкөндө кардар каалаган товарын барып өзү тандап алуу керек, ошондо гана сатуунун көлөмү көбөйөт. Товарлар ыңгайлуулук үчүн түргө бөлүнүп, тиешелүү жерде туруусу керек.
Бул долбоордо сунушталган курулуш каражаттарынын дүкөнү төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
–кардарлар үчүн ыңгайлуу жерде жайгашкан. Жакын жерде жайгашкан курулуш дүкөндөрү жакшы вариант болуп саналат;
- ассортименттин көптүгү. Товарлар белгилүү гана компаниялардын эмес, жаңы чыгып келе жаткан фирмалардыкы да болуусу керек, дал ушул нерсе уникалдуулукту берет;
- кардар тандоо системасы. Учурда көптөгөн курулуш дүкөндөрү кардарларды тартуу саясатына көп көңүл болөт. Бул дүкөндө ар дайым соода кылган кардарлар үчүн арзандатуу болушу керек.
Курулуш каражаттары сатылган дүкөндүн кардарлары ар түрдүү жаштагы адамдар болушу мүмкүн, көбүнчө — 60%ы 23–65 жаш ортосундагы эркектер. Дагы бир кардарлар корпоративдик топтор, алар курулуш иштерин аткарган адамдар жана алар менен келишим түзүп иштөө бир топ ыңгайлуу.
Курулуш дүкөнүнүн жарнамасын экиге бөлүп карасак болот – пассивдүү жана активдүү. Пассивдүү жарнамага баннерлер, штендерлер ж.б. кирет. Активдүү жарнамага баракчаларды таратуу, визитка берүү, макалаларды жаздыруу, радио жана тв аркылуу жарнамалоо кирет. Курулуш иштерин жүргүзгөн фирмалар менен түзүлгөн келишим жакшы натыйжа берет. Алар дүкөнгө кардарларды тартып, курулуш материалдарын алууга үндөйт, ал эми сатуучу болсо аларга пайыз чыгарып берип турат.
Атаандаштык күч болгондуктан жарнама берүү стратегиясын ойлоп чыгуу зарыл. Илинген баннерлер жолдо өтүп бара жаткандарга көрүнүп тургудай болуусу керек.
Алгачкы жарнамага кеткен каражат 70000 сомду түзөт.
Дүкөн өз ишин толук кандуу баштоосу үчүн 3–6 ай керектелет. Бул убакыт аралыгында кардарлар жаңы дүкөнгө көнүп башташат.
Сатуу көлөмүн пландоо учурунда бизнестин сезонго да байланыштуу болорун эске алуу керек – эң көп сатуулар жаз жана күз айларына туура келет, ал эми кышында соода жакшы болбойт.
Келерки макалаларда жеке курулуш дүкөнүндөгү каржылык жана өндүрүштүк пландар тууралуу жазабыз. Бизди окуп жеке бизнес-план түзүүгө мүмкүнчүлүк алыңыз.