• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кумтөрдө төрт айда үч тоннадан ашык алтын өндүрүлдү

imgm2868

👁 694

“Центерра Голд” («Centerra Gold Inc.») компаниясы 2018-жылдын биринчи кварталында Кумтөр кенинен 116919 унций же 3 тонна 64 кг алтын өндүрдү. Бул тууралуу ишкананын жылдын биринчи чейреги үчүн берген отчетунда жарыяланды.

Бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө караганда азыраак. Өндүрүмдүн аздыгын компания Сары-Төр участкасында курамында алтын азыраак камтылган казылмалар табылганы менен түшүндүрөт.

Мындан ишкана 153 млн. доллар киреше тапты. Ошондой эле компания жылдын башынан бери 1,97 млрд. сом салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү мамлекетке төккөн.
Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын куймалары “Кыргызалтын” ачык акционердик коому тарабынан сатылып алынып, Кара-Балтадагы аффинаждык ишканада кайрадан иштелет. “Кумтор Голд Компани” “Кыргызалтын” жана Кыргызстандын өкмөтү түзгөн келишимге ылайык, тазаланган (аффинаждалган) алтынды андан ары чет өлкөгө сатууга “Кыргызалтын” ишканасы гана укуктуу.
Кыргызстандагы эң чоң алтын кендеринин бири — канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясы иштеткен Кумтөр болуп эсептелет. «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы компаниянын акцияларынын 29 пайызына ээ. Ишкана 1997-жылдан бери 354 тонна таза алтын өндүргөн.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости