• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кумтөрдү кытайлыктар сатып алууга аракет кылышуудабы?

4-str

👁 1,417

Үстүбүздөгү жылдын март айында ММКларда Кыргызстанда иштеп жаткан ChaaratGold (Чаткал районунда лицензиясы бар) офшордук компания CenterraGold компаниясына Кумтөрдү 400 млн долларга сатып алуу сунушун жиберген.

Кыргыз өкмөтүнө болсо кен казуучу жайдын 50% үлүшүнө ээ болуу сунушу айтылган, бирок добушу жок акция катары, башкача айтканда, кен казуучу жайды 100 пайыз «Чаарат» көзөмөлдөйт деген сунуш.

Расмий түдө бары апрелдин аягында белгилүү болду, ошол учурда 26-мартта «Центеррага» сунуш жөнөткөнү ачыкка чыккан. Кыргыз ММКлары 24-апрелде сунуш болгону тууралуу жазып чыгышкандан кийин гана «Чаарат» биздин өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү тууралуу айтылды.

«Центерра» бул сунуштан дароо баш тартып, бул кадамды «рынок спекуляциясы» деп атаган.

«Центерранын» терс реакциясына карабастан 1-майда «Чаарат» компаниясы Лондон биржасынын сайты аркылуу билдирүү тараткан. Анда алардын сунушу күчүндө экени жазылган. «Чаараттын» жетекчилери прессада маек беришип, «Центерраны» жана биздин өкмөттү көндүрүүгө аракет кылышарын билдиришүүдө.

Эмне болууда? ЭКОНОМИКА бул маселени изилдөөгө аракет кылып, жакшы эмес жыйынтыктарга туш болду.

«Чаараттын» сунушун анализдейбиз

«Чаарат» «Кумтөрдүн» рыноктук баасын 800 млн доллар деп баалаган, бул баа кендин реалдуу баасынан бир топ жогору деп санайт «Чаарат». Бизди бул компания «Центеррага» кандай сунуш кылганы эмес кыргыз өкмөтүнө эмне сунуштап жатканы кызыктырат.

Өкмөткө «Чаарат» баардык акциялардан баш тартууну («Центеррадагы» 26,6%), Кумтөр долбоорунан 50% алууну сунуштоодо. Кыргызстан «Центеррага» тиешелүү болгон баардык акциялардан баш тартуусу керек, (негизинен ThompsonCreek деп аталган канадалык компаниядан). Бул компанияны сатып алуу менен «Центерра» Кыргыз Республикасынын үлүшүн азайткан (мурда ал 33% түзчү). Бул алмашууну финансылык көз карашта канча пайдалуу экенин санаган жокпуз. Себеби бул маанилүү эмес деп ойлойбуз. Себеби «Чаараттын» сунушунда бул кадамдар да түшүндүрүлгөн.

«Чаарат» «Кумтөрдүн» 50%на ээ болуу менен добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартууну сунуштоодо. Башкача айтканда, кенди башкаруу 100% «Чаарат» компаниясында болот, кыргыз тарап болсо дивиденддерди күтүп гана отурушу керек болот. Албетте, дивидент калса. Көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жок болгон кыргыз тарап эч кандай каршылык көрсөтө албайт.

Бул сунуш Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес, жада калса бул өтө начар сунуш десек да болот.

Балким бул акциялардын өнүүсүнөн каражат табуу жолудур?

«Чаараттын» сунушуна «Центерра» берген жоопто бул кытай компаниясы акциясынын курсун көтөрүүнү гана каалап жатканы жазылган.

Чынында эле 19-марттан баштап «Чаараттын» акциялары 20,1ден 24,15 фунта стерлингге чейин өскөн. Мындан инсайдерлер көп эмес киреше табышты деңизчи, бирок капитализациясы аз болгон (100 млн долларга жакын) «Чаарат» компаниясынын акцияларынын өсүүсүнөн инсайдерлер кантип киреше табышканы түшүнүксүз. «Чаараттын» акциялары биржада болгону менен чоң пакет сатуу реалдуу эмес.

Ошонодуктан мунун баары инсайдерлик киреше табуу үчүн гана түзүлгөн дегенге кошулбайбыз. Келгиле анализ жасап көрөлү.

«Чаараттын» сунушундагы Кытайдын изи

Биздин анализ логикага ылайык болуусу үчүн бир нече түшүндүрүүлөрдү жазуубуз зарыл.

«Чаарат» компаниясы – алтын казуучу компания эмес. Ал азырынча эч нерсе казып албай эле. Чаткал районунда алтын казууга лицензиясын алганына 15 жыл болгону менен ал акционерлердин каражаттарын чалгындоо иштерине гана коротуп келет.
Кен жайгашкан жер жөнөкөй эмес, кендин сапаты көп суроолорду жаратып келет (негизги кор сульфиддик минералдаштырууга туш болгон). Компания алгачкы казуусун жүргүзүүнү каалаган жерде анын көлөмү көп эмес (тоннасына 0,84 грамм). Райондо инфраструктура өнүккөн эмес, демек, баарын өздөрү куруусу керек. Чет элдик баалоочулардын маалыматына ылайык, компаниянын «Корлор» деп аталган категориясында 100 тоннадан ашуун алтын бар, бирок компания анын баарын мамлекеттин балансына койбой эле, себеби мындай болсо мамлекет кенди тез иштетип баштоону талап кылат. Ал эми өзүнүн кен казуучу жайын толук кандуу иштетүүгө компанияда каражат жок (казууга лицензия 2017-жылы эле алынганы менен «насыялык ноталарды» чыгаруу менен каражат тартылган). Ал эми компания өзү 2013-жылы долбоорду толук кандуу ишке ашыруу үчүн 450 млн доллар керектигин билдирген эл.

Ошондуктан жыл өткөн сайын компания чалгындоо жүргүзүү менен катар эле кенди казып баштоо үчүн каржылоо булактарын издеп келет. Биз сурамжылоого алган аналитиктер кенди казып баштабай эле чалгындоо иштерин жүргүзө берүү мүмкүн эмес экенин билдиришти. Жок дегенде эле кыргыз бийлигинин чыдамы түгөнүп, компанияга лицензиясын өткөрүүнү сунушташы керек дагы жаңы инвестор табууга аракет кыла башташ керек.

Өзү каржылоого муктаж болгон компания «Кумтөр» үчүн 400 млн доллар төлөп, башка долбоорлорго 600 млн доллар салабыз дегени күмөн жаратпай койбойт.

Ошондуктан «Чаарат» сунушунда «Кумтөрдү» сатып алууга каражатты тышкы булактардан аларын жазган.

Эми биздин изилдөөбүздү уланткыча дагы бир маалымат берип кетели.

2008-жылдагы финансылык кризистен кийин жаратылыш ресурстарына чалгындоо жүргүзгөн жана кен казып алган компаниялардын акциялар рыногу депрессия абалында. Мурда биржада кооз презентация кылуу менен ондогон миллион доллар тарта алса, азыр тоо-кен тармагына каражат тартуу бир топ катаал. «Чаарат» дагы буга бир мисал. Каражаттарды тартуу жеңил болсо, ал Чаткалда алтындарды казып баштамак.

Ошондуктан кадимки рынок инвесторлору 100 млн доллар турган компанияга 400 млн доллар салгылары келбейт. Анын үстүнө Кыргызстанда инвесторлорго байланыштуу ызы-чуулар көп болот эмеспи.

Эгерде кадимки инвесторлор кызыкпаса кимдер кызыгышат? Жооп жөнөкөй. Рынокто өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү чийки долбоорлор кызыктырган өзгөчө инвесторлор да бар. Бул долбоорлор менен катар эле саясий таасир да болот. Алар инвестициялык туруксуздукка туруштук берүүгө даяр. Биз Кытай корпорациялары тууралуу айтып жатабыз.

Сурамжылоого катышкан баардык эксперттер «Кумтөргө» 400 млн доллар салып. Аны толугу менен козөмолдөөну каалагандар кытай корпорациясы гана болушу мүмкүн деген пикирлерин билдиришти.

«Чааратта» кытай акционерлери бар: компаниянын 6%га жакыны China Nonferrous Metals Int’l Mining Co. Ltd. Компаниясына тиешелүү. Ошондой эле компаниянын тарыхында кен иштетүү үчүн 450 млн долларды ири Кытай компаниясынан алганы тууралуу маалымат да бар. «Рейтер» агенттиги 2013-жылдын 12-апрелинде «Чаарат» Shandong Gold Group деп аталган ири Кытай компаниясы менен каражат бөлүп берүү макулдашууга келип, анын ордуна үлүш берүүнү сунуштаганын жазган болчу. Эң кызыгы «Рейтер» бул макаласы менен Кыргызстанга түз инвестиция салууну көздөгөн Кытай болушу мүмкүн деген биздин күдүк ойлорду тастыктап койгондой болду.

«Чаарат» жакында эле тараткан маалыматында каржылоону эки ири эл аралык компания жүргүзөрүн жазган. Ушундай жолдор менен алдабай эле коюшса болот, себеби «эл аралык уюмдар» ири европалык банктар болушу толук мүмкүн. Инвестициялык банктар Кытайдын мамлекеттик корпорацияларына кепилдик депозит салууга мүмкүнчүлүк берет дагы, каалаган долбоорун каржылоого даяр. Бул комиссия үчүн бизнес гана. Бул рыноктук каржылоо сыяктуу көрүнүп, кыргыз өкмөтү европалык инвестбанктын каржылоосунан улам, бузуулар тууралуу эч нерсе билбей калышы дагы толук ыктымал.

Биз муну жөн гана айтып жаткан жерибиз жок. 2009–2010-жылдары кытайлыктар Кыргызстандагы стратегиялык кен казуучу жайын, анын ичинде «Кумтөрдү» сатып алууга аракет кылышкан. «Кумтөрдүн» аз үлүшүнө дагы татыбаган Гонконгдогу компания (аталышы редакцияга белгилүү) алгысы келген, аны белгилүү европа банкы каржылаган. Дал ушул жерден тарых кайталанып жатканы белгилүү болууда. Себеби кытайлыктар стратегиялык планынан оңой менен баш тартпайт эмеспи.

Кыргыз Республикасы үчүн тобокелчилик

Эгерде биз ойлогондой болсо, анда учурда биздин тарапты толугу менен көзөмөлгө алгылары келип жатат…(биз «Чаарат» бул жерде ортомчулук кылып жатат деген пикирдебиз).

Биздин гезитке саясий комментарийлер аз чыгат, бирок бул жолу орун берүүнү туура көрдүк. Кытай ири кен казуучу жайды көзөмөлгө алса, анда Кыргызстан көз карандысыздыгын жоготуп башташы мүмкүн. Азыр кумтөрдүк менеджмент ММКлар аркылуу пиар-иштерин жүргүзүүдө, эгерде компаниянын жетекчилигине аймактагы башкы күч келсе эмне болот?

Кытай инвесторлору биздин өлкөгө алар экологиялык кызыкчылыктарды коргой турганын далилдеп бериши керек. Себеби Чаткал районунда болгондор Кытай компаниясынын артында кандай таштандылар калып жатканына күбө болушууда. Сууга чөмүлгөн техника, сууну бойлой казылган аңдар, жергиликтүү эл жана билйлик менен болгон нааразычылыкка алып келүүдө.

«Кумтөрдү» офшор аркылуу сатып алуу аракети – бул «Чаарат» компаниясынын акцияларынын өсүүсүн көздөгөн план деп үмүт кылып туралы. Себеби аларга бул иш керек, себеби Чаткалдагы ири кенди иштетүүлөрү зарыл эмеспи.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости