Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча 2018-жылдын 1-кварталында ИДПнын анык өсүшү 1,3 пайызды түздү, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилинен 6,0 пайыздык пунктка төмөн, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 98,3 млрд сом деңгээлинде түзүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
“Кумтөр” кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын анык өсүшү 2,9 пайызды түздү (2017-жылдын январь — март айларында 3,0 пайызга өскөн). 2018-жылдын 1-кварталындагы керектөө бааларынын индекси өткөн жылдын декабрына карата 1,1 пайызды түздү (2017-жылдын январь — мартында 2016-жылдын декабрына карата 2,1 пайызды түзгөн).
Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине карата керектөө бааларынын индекси 3,1 пайызды түздү (2017-жылдын январь — мартында 2016-жылдын январь — мартына карата 1,5 пайызды түзгөн).
Доллардын эсепке алуу курсу 2017-жылдын март айынын аягына карата 0,25 пайызга азайып, 2018-жылдын март айынын аягында 1 АКШ доллары 68,4325 сомго барабар болду.
2018-жылдын январь — март айынын жыйынтыгы боюнча өндүрүш өнүмдөрүн өндүрүү реалдуу алып караганда 0,5 пайызга төмөндөгөн (2017-жылдын январь — мартында 36,3 пайызга өсүш). “Кумтөрдү” эске албаганда, өнөр жайда 9,3 пайызга өсүш (2017-жылдын январь — мартында 24,4 пайызга өсүш болгон), энергетика секторунда 8,6 пайызга реалдуу өсүш байкалган. Кайра иштетүүчү өнөр жай жана пайдалуу кендерди казып алуу боюнча 1,1 пайызга жана 15,5 пайызга төмөндөө болду.