“Кумтөр” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоого жаңы өкмөттүн саясий эрки жетет деп үмүт кылып туралы. Бул тема боюнча бир катар билдирүүлөр болду. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Центерра” менен болгон талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча кабыл алынган макулдашуу өлкөнүн кызычылыгына каршы келерин билдирди. Бирок кеп былтыркы макулдашууда деле эмес. Биздин көз карашыбызча, “Кумтөр” долбоору боюнча мамлекеттик саясатты кайра карап чыгуу керек.
Мамлекет ичиндеги мамлекет
“Кумтөр” долбоорунун негизин мамлекетке пайдасы аз (коррупцияга батканы дагы күмөн жаратпайт) Макулдашуу түзөт. Ал Акаевдин доорунда кабыл алынып ошондо эле “Центерра Голд” компаниясынын пайдасына иштеп келсе, бул көрүнүш Бакиев башкарган маалда дагы күч алды.
Экологияга келтирилген чыгымдар боюнча макулдашууда каралган суммадан көп компенсация алуу үчүн өкмөт аны менен соодалашып, өзүнчө макулдашууга кол коюулары керек (былтыр түзүлгөн макулдашуу сыяктуу – биз бул темага дагы кайрылып келебиз).
Негизи кадимки акционердик компаниянын чет элдик администрация тууралуу жобосу болот, ага ылайык жергиликтүү мыйзамдардын айрымдары гана таасир берет.
Чоң таасир
“Кумтөр” бюджетке түшкөн каражаттардын 10%ын көзөмөлдөйт. Көпчүлүк ММКлар “Кумтөр” менен пиар-келишим түзүп алышкандыктан керек болгон маалда дайыма компанияны мактап-жактап, саясатчыларды, жөнөкөй жарандарды ишендирип коюшат.
Ири акционердин пассивдүүлүгү
Кыргыз Республикасы – “Центерра Голд” канадалык компаниясындагы ири акционер. 2016-жылы биздин үлүшүбүздү азайтып коюшканына карабастан биз дагы деле компаниядагы ири акционер бойдон калганбыз.
Мындан сырткары Кыргызстан жалгыз стратегиялык акционер. “Центерранын” калган акционерлери пассивдүү инвестициялык фонддор. Алар үчүн “Центерра Голддун” акциялары портфелдик инвестиция жана алардын портфелинин аз бөлүгүн ээлейт.
ЭКОНОМИКА “Кумтөр” маселеси боюнча маек алган инвестициялык банкирлердин баары мындай шартта Кыргыз Республикасы компанияны кантип көзөмөлдөбөй жатат деп таң калышканын жашырышкан жок. Ири стратегиялык ээси болуп туруп башка ири активдүү акционерлер жок экенин билип туруп кандайча ушундай абал түзүлүп калганын түшүнбөй турушканын билдиришти алар. “Же коррупция, же мээлери жок”-деп кайталашты алар бир ооздон.
“Кыргызалтын” тарабынан Кыргыз Республикасынан бекитилген директорлор кеңешинин мүчөлөрүн эсепке албай койсок деле болот, себеби алар Канадага барып бир шоппинг кылып келгенден кийин эле өлкөнүн кызыкчылыгы тууралуу унутуп калып жатышат окшойт.
Үлүштү азайтуу боюнча амал
2016-жылы акылга сыйбаган окуялар болду. Кыргыз Республикасы менен кеңешпестен эле “Центерра” Thompson Creek Metals деп аталган канадалык компанияны 1 миллиард доллардан ашык каражатка сатып алганы тууралуу чечимди алып келди. Thompson Creek бул учурда жарым-жартылай банкрот болуп, карыздарын жаба албай жаткан кези эле. “Центерра” бул компанияга миллиондорду салып, насыя алып Thompson Creek үчүн кошумча акция чыгарып жиберди. Натыйжада Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү 32,1%дан 26,6%га түшүп калды.
Алар каршы турушу керек болчу ЭКОНОМИКА менен кызматташкан укуктук эксперттер канадалык мыйзамдар менен таанышып чыгып Кыргыз Республикасы бул пайдасыз чечимге тыюу салууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдиришти. Башка компанияларда пакети бир канча аз болгон акционерлер дагы мындай келишимдерге дароо тыюу салып коюшат дагы директорлор кеңешинин төрагасын дароо кетиришет.
“Кыргызалтындан” жок дегенде бирөө инвестициялык фонддор-акционерлер менен сүйлөшүү жүргүздүбү? Юристтер мененчи?
Белги үчүн гана укуктук отчет алып коюшту, аны дагы балким “Центерра” дарядагандыр? Ушуну менен маселе жабылып калды.
2016-жылы «24.kg» агенттиги “Кыргызалтын” башкармалыгынын башчысынын экономика, каржы жана инвестиция боюнча орун басары Бектур Сагыновдун пикирин жарыялашкан. Анда: “Бул маселени карап чыгууга “Кыргызалтында” убакыт болгон жок. Бизге алгач документтерди беришти дагы кайра аны жашыруун деп алып алышкан. Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү сатууга макул болушкан, бизден 3 киши башкаларга каршы тура алышкан жок”,-деди ал.
Баардык доолордон баш тартуу
2017-жылдын күзүндө биздин өкмөт “Центеррага” болгон дооматынын баарынан баш тарткан. Анын ордуна компания тиешелүү бир суммага жаратылышты коргоо иш-чараларын өткөрүп бермек болгон. Албетте бул акчаны кыргыз аткаминерлери компаниянын менеджерлери менен биргеликте кымырып алары турган иш.
Эми эмне болот?
Биз жаңы өкмөттүн кадамдарына кызыгуу менен көз салып турмакчыбыз. Азыр өкмөттө баардык мүмкүнчүлүктөр бар.
Кыргыз өкмөтүндө “Центерраны” ири акционерин сыйлоого мажбур кылуучу Канаданын мыйзамын таап чыгууга каражаты жокпу? Биз буга ишенбейбиз, себеби мындан майда иштерге деле акча таап жатышпайбы?
“Кумтөр” долбоору ишке киргенден бери көп убакыт өттү. Балким өз укуктарыбызды коргоп, коррупциялык иштерди жоюуга убакыт келгендир?