Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовго Башкы покуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.
2014-жылы Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде кытайлык TBEA компаниясы мектеп курулушу үчүн берген 2 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык каражатты жеке кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпталууда.
Ошондой эле, ал “Альто Групп” ЖЧКсынын жетекчилери менен сынактан тышкары келишим түзүп, Кытай компаниясы менен түздөн-түз жеке компаниянын эсебине 1 млн долларды которгонго жетишкен.
Мындан тышкары, шаардык бюджеттен Калыс-Ордодогу мектептин курулушун аяктоого 100 млн сом бөлүнгөн.
Учурда “Альто Групп” ЖЧКсынын жетекчилеринин бири кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле, Кулматовдун жана мэриянын тийиштүү кызмат адамдарынын үйү текшерүүгө алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.