Учурда Кыргызстандагы башкы максат чет элдик инвесторлор экономикага каражат салуусу үчүн инвестициялык абалды жакшыртуу. Мурунку жылдарга салыштырмалуу миграциялык кызмат иштөөгө уруксат берүүчү документтердин санын кыскартты.
Иштөө үчүн уруксат кагазын алууга чет элдиктер Мамлекеттик миграция кызматына кайрылып, тиешелүү документтерди берүүсү зарыл. Андан соң протокол түзүлүп, чечим кабыл алынат. Башкача айтканда министрликтерден (Эмгек министрлиги, ТИМ, ИИМ, Экономика министрлиги, Салык кызматы) комиссия мүчөлөрү келишип, талкуулардан кийин чет элдик жарандарга квота бөлүү маселеси чечилет.
Квота бекитилсе жумушка алынганы үчүн 4000 сом жана ар бир чет элдик жарандан 2000 сом алынат дагы, бир жуманын ичинде иштегенге уруксат берилет. Кыргызстан ЕАЭБге кирген мүчө мамлекеттерден келгендер иштөө үчүн уруксат албай коюшса болот.
Бирок ошол эле убакта биз улуттук эмгек рыногунун кызыкчылыктарын коргоп келебиз. Башкача айтканда, чет элдик компаниялар өз мекендештерин жумушка тартышат. Биз ошол маалда Кыргызстанда деле адистер турса эмнеге мекендештерин чакырып жаткандыгын түшүндүрүүчү справка талап кылабыз. Негизинен кытайлык ишканалар ушундай кылышат. Мисалы, ТЭЦти калыбына келтирүүчү TBEA компаниясы. Алар Кыргызстанда өкмөттөр аралык макулдашуу менен иштешет.
Дагы бир мисал келтире кетейин, шаарда TOP INTERNATIONAL ENGINEERING компаниясы Кытайдын стандарттарына ылайык, поликлиника куруп жатат. Алар Кытайдан 90 киши чакырышкан. Алар инженерлер, куруучулар, арматура менен иштегендер. Алар мекендештерин кыргызстандыктар иштөөнүн айрым жагдайларын билбегендиктен чакырышканы менен түшүндүрүп келишет. Башка тармактарда биз улуттук эмгек рыногунун кызыкчылыктарын көздөп келебиз, мисалы сатуучулар, ашпозчулар жана билим берүү тармагында иштегендер”,-дейт Б. Кудайбердиев.
Бир жыл мурун Qi Yan(Чи Ён) Кыргызстанга Кытайдын Үрүмчү шаарынан келген. Анын мекенинде күйөөсү жана баласы бар. Кытайда ал университетте мугалим болуп иштеген. Конфуций институту аркылуу Qi Yan иштегени келген. Мамлекет ага жашаганга үй таап берген.
Ал 53 жашта. Ал Бишкек Гуманитардык университетинде иштейт. Кыргыз-кытай факультетинин доценти.
Жылдыз Самуддинова.