Жакында эле мамлекеттик электрондук кызматтар порталынын ачылышын жасашты. Баары мобилдештирилген заманда артта калып бул ишти ишке ашырып жаткандайбыз го…
–Электрондук өкмөт түзүү учурдун талабы. Албетте кечигип, баарынан артта калып ишке ашып жатат. Азыр ар бир адамдын колунда телефон, смартфондор бар. Көптөгөн комиссиялык түзүмдөр бар. Бирок биз элоктрондук кызматтардын убайын жакшы көрө элекпиз. Мезгилдин талабы болгондон кийин 10 жыл мурун эле жасай турган нерсе болчу. Мурдагы союз курамына кирген Эстония, Латвия ж.б мамлекеттер бул ишти бир топ жыл мурун эле баштап бүтүрүп коюшкан. Ошол мамлекеттердин тажрыйбасын карасак ал жерде бүгүнкү күндө жарандар өмүр бою мамлекеттик кызматкерди же салык кызматкерин, бажы кызматкерин көрбөй эле тез арада иштерин бүтүрүп алат. Анткени ал жакта баардык нерсе электрондук формага өтүп кеткен. Бизде болсо бул аракеттер өтө кеч. Бир топ жыл артта калса да бул иш жасалып жатканына кубанып коелу.
–Кредиттер, микрокредиттер көйгөйүн көтөрүп чыктыңар эле кандай жылыштар бар?
–Мен кредиттер көйгөйүн айтып эле келе жатам. Социалдык көйгөйлөрдүн көбү миграция болобу, жумушсуздук болобу баарынын башында кредиттер, кредиттик пайыздар турат. Бул пикиримди шайлоо алдындагы программаларымда да кеңири белгиледим.
Кредит маселеси Кыргызстандагы биринчи чоң маселелердин бири деп айтсак болот. Кыргызстан ичиндеги кредиттик ишканалар биздеги каражаттардын кайра эле колонизатор капиталисттер чөнтөгүнө агып кетишине кызмат кылат. Ал эми кредит алып, аны төлөй албай калган жарандар микрокредиттик компанияларга, банктарга нааразылык билдирип, өкмөткө арызданып келишет. Бул сүткор компаниялар жарандардын мүлкүн жырткычтык менен тартып алып жатышкан болсо да, өкмөт “өзүңөрдүн ортоңордогу иш” деп, кол шилтеп четте тура берет. Бирок, соттор ар дайым тигил капиталисттер пайдасына өкүм чыгарат. Ушундан улам, үй-жайсыз калгандар, өз жанын өзү кыйгандар көбөйгөнүн какшап келем.
–Тышкы карыздарыбыз өсүп жатат. Жакынкы аралыкта 4 млрд 153,19 млн АКШ долларын же 287 млрд 109,40 млн сом түздү. Ошол эле учурда айрым экономика серепчилери башка коңшулаш өлкөлөргө салыштырмалуу биздики эч нерсе эмес деп белгилешет?
–Тышкы карыз өсүп жатат. Бул деген кредитти төлөй албай калган адамдарга кредит бергендей эле көрүнүш. Мамлекеттин карыз төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо да кредиттер берилип жатат. Кандайдыр бир карыз берген элдин кызыкчылыгы бар да. Биз карыз алуудан баш тартышыбыз керек. Мунун эмне менен аяктаарынын эки эле жолу бар. Же биз карыз берген өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон адамдарды өлкө башкаруусуна аралаштырганга аргасыз болобуз же карыз үчүн өлкөбүздүн жерин карыз үчүн көп жылдарга алардын ээлигине беребиз. Бул демек мамлекет акырындап жок болот дегендик. Менимче ачуу чындык. Башка өлкөлөргө теңелгидей бизде дүркүрөгөн өндүрүш жок.
–Азыркы экономикалык абалыбызга кандай баа берсек болот?
–Экономикалык абал өтө кыйын эле. Жакынкы 2–3 жылда мындан да кыйын абал болот. Байкуш карапайым элге эле оорчулук жаралат. Эл аралык экономистер тарабынан ушундай алдын ала айтуулар болуп жатат. Орусияда, Казакстанда чоң кризистер болот. Ал албетте биздин Кыргызстанга таасирин тийгизбей койбойт. Биз мындай кризис соккусуна даяр эмеспиз.
Жамиля Нурманбетова