Февраль айында 08 007 AAB, 08 777 AAC, 08 070 AAC, 01 888 AAB, 01 030 AAB, 01 040 AAB, 01 111 AAC, 01 010 AAC, 01 007 AAC, 01 010 AAE, 01 888 AAE, 01 777 AAE мамлекеттик номерлери сатылган.
“Крутой” мамлекеттик номерлердин сатылышынан Мамлекеттик каттоо кызматы бир айда 456 миң сом тапкан.
Мисалы, 27 000 сомго сатылган 01 100 AAB номеринин баштапкы баасы 21 600 сом болгон.
Азыр болсо 01 010 AAF номери ээсин күтүп жаткан учуру, жеңүүчү баштапкы баасы 4 500 сом болгон мамлекеттик номерге 19,5 миң сом берген.
ЭКОНОМИКАда унаадагы номер ушунча маанилүүбү деген суроо туулду. Биз сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Сталбек, 55 жаш:
Аны мага бекер беришсе да кереги жок. Мен жөнөкөй адаммын. Баары мага көңүл буруп туруусун каалабайм.
Эмиль, 55 жаш:
Мен алмакмын. Бизнес үчүн имидж чоң роль ойнойт да. Биринчи көргөндөр кийген киймине карап баа беришет. Акчам болсо алмакмын.
Айнура, 28 жаш:
Мүмкүнчүлүк болсо алмакмын. 999 деген номер болсо кана. Жөн эле каалап жатам.
Назгүл, 37 жаш:
Мага баары бир. Сатып албайт болчумун. Номерлер мен үчүн маанилүү эмес.
Жарандардын көбүнө номер жөн гана керек болсо, айрымдары үчүн бизнеси үчүн керек экен.
Номерге байланышкан “понттор” көбүнчө жаштарга кызыктуу.
Номерлерди сатып алып жатышса, демек талап бар.