Коррупция менен күрөшүү үчүн системалуу иш болушу шарт ал үчүн БизЭксперт аналитикалык борбору төмөнкү чараларды карап чыгууну сунуштайт:
- Иштеп жаткан нормативдик-укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүдө прокурордук көзөмөл кылуу.
- Мамлекеттик бийлик органдары менен болгон кызматташтыкта шайкештиктин болуусу институтун калыптандыруу.
- Ишкерликти жөнгө салууда бийлик бутагынын мыйзамдардын натыйжалуулугун баалоо жана мониторинг жүргүзүү.
- Мамлекеттик бийлик бутагындагы системалык коррупцияны жоюуда натыйжалуу мониторинг жүргүзүү үчүн бизнес-коомчулукту тартуу.
- Мамлекеттик органдарда шайкештик офицерлер институтун өнүктүрүү.
- Мамлекеттик бийлик органдары тарабынан басым болбошу үчүн ишкерлик субъекттерине өз укуктары тууралуу маалымат берүү.
- Коррупцияны алдын алуу үчүн пара берген юридикалык жактарды жоопкерчиликке тартуу.
- Ишкерлик субъекттеринин мамлекеттик органдар менен байланышпоосу үчүн ишкерлик субъекттерди мамлекеттик көзөмөлдөн өз ара көзөмөлгө өткөрүү.
- Ишкерлик субъекттери менен мамлекеттик бийлик органдарынын ортосунда талаш чыкканда экономикалык жактан талаш маселени кароочу соттор адистигин түзүү.
- Ишти сотко чейин жеткирбей чечүү үчүн бизнес коомчулуктун катышуусунда ишкерлердин укугун коргоочу ыйгарым укуктуу институт түзүү (i.e. бизнес омбудсмен).