Биздин өлкөнүн пенсиялык куракка жакындап калган жарандары үчүн бул суроолор тынчтык бербей келет. Ал эми 18 жаштан 35 жашка чейинкилерге пенсия өтө алыстагы нерсе катары жана жашоодо өтө деле маанилүү эместей туюлат. Бирок эртеби же кечпи ар бир адам туруксуз экономика алкагында кандай келечек күтүп турганы тууралуу ойлонот. Ошондуктан өлкөнүн өз жарандарын татыктуу пенсия менен камсыз кыла албаганын эске алып азыртадан эле карылык тууралуу ойлоно баштоо зарыл.
Соцфонддун маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандагы пенсия үч бөлүктөн турат:
Базалык – бул пенсиянын кепилдүү бөлүгү, Пенсиянын бул түрүн белгиленген куракка жеткендер алышат. Анын көлөмү учурда 1500 сом;
Биринчи камсыздандыруу – Бул учурда пенсияны 1996-жылга чейинки мезгилдеги орточо айлык көлөмү пенсиянын өлчөмүнө түз таасир этет. Эмгек стажына жараша ар бир жыл үчүн 1% каалаган 60 айлыктын орточо айлык чыгарылып, андан пайыз эсептелет.
Экинчи камсыздандыруу — 1996-жылдан кийин жарандардын жеке эсебинде топтолгон камсыздандыруу төлөмдөрү эске алынат.
Тилекке каршы, учурда трибуналардан пенсионердин жашоо минимуму мыйзамга туура келерин, башкача айтканда, биздин өлкө пенсионерлер алдында өз милдеттерин так аткарып жатканы айтылып келет, бирок иш жүзүндө баары тескери.
«Сенти» финансылык компаниясынын кеңешчиси – аналитик Айсулуу Жакыпбекова: “Бир пенсионердин орточо пенсиясы жалпы сумманы пенсионерлердин санына бөлүү менен эсептелет. 100 миң сомдон ашкан максималдуу жана 2–3 миң сом алган пенсионерлер да бар да. Пенсионерлерди бөлүү пенсионердик төлөм көрсөткүчү менен ишке ашырылбайт, башкача айтканда маалымат бурмаланып жатат”-деди.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, орточо пенсиянын өсүү темпи жашоо минимумунун өсүү темпинен артта калууда. Бул пенсионерлердин керектөөлөрү көбөйүп жатат, бирок пенсия ошол бойдон эле дегенди билдирет. Учурда жашоо минимумуна каражаты жетпеген пенсионерлер 60%.
Мамлекеттик пенсиялык топтолмо фондуна дал ушул 2%ды башкаруу иши тапшырылган. Төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жана пенсиялык топтоолору камсыздандырылган адамдын КР Социалдык фондунун жекече эсепке алуу системасындагы жеке камсыздандыруу эсебинин топтолмо бөлүгүнө киргизилет. Бирок салынган каражат 2% гана болгондуктан бул иштер максатка ылайыкпы деген суроо жаралат. Учурда топтолуучу бөлүктү жогорулатуу жана канча каражат которуу укугун жарандардын өзүнө калтыруу маселеси пайда болду.
“Мамлекеттик пенсия менен камсыз кылуу маселесин эске алуу менен жеке каражаттарды топтоо тууралуу ойлонуу керек, алар сизге татыктуу карылыкка кепилдик болот. Пенсияны чогултуунун негизги мүмкүнчүлүктөрү инвестициянын жардамы менен жеке пенсия фондун түзүү. Биздин өлкөдө инвестициялык мүмкүнчүлүктөр абдан көп: баалуу кагаздар (акциялар жана облигациялар, мамлекеттик баалуу кагаздар), депозиттер, кыймылсыз мүлк, алтын жана бизнес. Тилекке каршы өлкөгө үмүт артып кереги жок. Биздин бакубат карылыгыбыз өзүбүздөн гана көз каранды жана акчаны азыртадан топтоп баштоо керек”,-дейт эксперт Нелли Симонова.
Ирина Байрамукова