Кыргызстандагы акчага байланышкан операциялар электрондук жол менен жүргүзүлө баштаганы кылмыштуулуктун өсүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Кыргызстан киберкоркунучтарга туруштук берүүгө даяр эмес. Азыр вирустун жардамы менен килейген бир ишкананын ишин токтотуп салса болот. Мисалы, киберкылмышкерлер WannaCrypt деп аталган вирустун жардамы менен компаниялардын жана жеке ишкерлердин компьютерлерине атака жасашат. Учурда КРда пираттык программалык камсыздоолор өтө жайылган жана алардын саны 80%дан ашуун. Тилекке каршы, бул факт киберкылмыштуулукка чоң мүмкүнчүлүк ачып берет.
2017-жылдан тарта Кыргызстан санарип форматта жашай баштады. «Таза коом» долбоору уюмдарды жана жеке адамдарды да камтымакчы. Өлкөнү санарип багытка алып чыгуу, IT компаниялардын жеке секторундагы жаңычылыктар баары булут технологиялар бизнес-процесстерди жөнөкөйлөштүрө алат.
Жакында эле өткөн форумда маалыматты сактоочу булут технологиялар жана жогорку технологиялар тармагын мыйзам аркылуу коргоо тууралуу маселе көтөрүлдү.
Голландиялык Knab онлайн-банкын мисал катары келтирсек болот. Ал банк Microsoft Azure жана Microsoft Dynamics булут аналитикалык кызматы аркылуу система түзгөн, анын жардамы менен банктын кардарлары финансылык абалды көзөмөлдөй алышат. “Жеке кабинети” аркылуу ар бир кардар транзакциялар тууралуу, банктагы эсептери тууралуу, насыялары, активдери жөнүндө маалымат ала алышат.
Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй банкирлер жасалма интеллекттин өнүгүүсүнөн үмүт кылып отурушат. Жасалма интелекктти колдонуп, ар түрдүү кызматтардан пайдалануунун баары булут технологиясына кирген. Өз системасын түзүүгө банктар убакыт коротпой эле гибриддик инфраструктураны колдоно алышат.
Санарип тармагында чечимдер абдан көп. Алардын көбүн атайын бир кызмат үчүн тууралап койсо болот. Маалыматтык технология рыногунун өсүүсү менен киберкылмыштуулук коркунучу дагы жогорулайт. Кыргызстандын мыйзамында болсо азырынча мындай мыйзам бузуучулукка карата чара көрүү тууралуу жазылган эмес.