Ушул жылдын 19-июнь күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны өтөт.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын жана Федералдык Кеңешинин депутаттары, андан тышкары, эки өлкөнүн Өкмөт өкүлдөрү катышат.
Иш-чарада бир катар актуалдуу маселелер каралып, анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтыктын келечеги, ошондой Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү талкууланат.
Жыйындын алкагында РФ парламенттик делегациясынын башчысы Виктор Заварзин менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакировдун жолугушуусу мерчемделген.