Кыргызстан менен Казакстандын жумушчу топтору жакынкы 5 күн аралыгында “Жол картасын” иштеп чыгат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бул документ “эки тараптуу экономикалык кызматташуунун маселелерин жөнгө салуу, ошондой эле, ЕАЭБ жана ДСУ ченемдери менен эрежелерин эске алуу менен чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажылык жана салыктык администрациялоо алкагында биргелешип аракеттенүү” максатында түзүлөт.
Аны иштеп чыгуу боюнча макулдашуу КР менен РК өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаевдин 18-октябрда Астана шаарындагы (Казакстан) жолугушуусунда жетишилген. Белгиленгендей, “Жол картасы” кабыл алынгандан кийин тараптар “аныкталган ченемдер менен эрежелердин бузулушуна жол бербөө максатында жетишилген макулдашууларды кынтыксыз аткарууну камсыздоого” милдеттенме алат.
Жолугушуунун жүрүшүндө КР өкмөт башчысы Сапар Исаков эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө үмүттөнөөрүн билдирди жана “биз конструктивдүү диалогго даярбыз” деп айтты. Өз кезегинде РК премьер-министри Бакытжан Сагинтаев “бир тууган эки элдин мамилеси баарына үлгү жана аймактагы натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын мисалы болушу керек” деген оюн билдирди.
Чек ара маселеси эки жумадан ашык убакыттан бери жүк ташуучуларды чыңалууда кармап турат. Аталган убакытта ишкерлер чоң чыгаша тартышты. Кардарлар айып төлөмдү төлөөгө даяр экенин билдиргенине карабай катардагы айдоочулар ак эмгеги менен тапкан акчасын туруп калган убакыт үчүн төлөөгө мажбур болушту. Чоң жүк ташуучу унаалар чек арада 3 суткадан 5 суткага чейин туруп калышты.