• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Космосбек Чолпонбаев: Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү үчүн чет элдик гранттарды жана инвестицияларды тартууга аракет кылам

sab_5707

👁 617

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 26-апрелде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова катышты.

Өкмөт башчы министрге маанилүү өзгөртүүлөрдү талап кылган татаал тармак туш келгендигин белгиледи.

«Сиздин ишиңиздеги алдыңкы милдеттенмелердин бири катары мамлекет жана эл үчүн ак ниет, ачык-айкын иш алып бара турган мыкты адистерден куралган күчтүү команданы уюштуруу эсептелет. Жалпыбызга белгилүү болгондой, дени сак улут гана өнүгүүгө бет алып, күчтүү мамлекетти кура алат. Саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы бардык деңгээлдеги маанилүү өзгөртүүлөрдү талап кылат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкка болгон алгачкы медико-санитардык көмөк көрсөтүүнү күчтөндүрүү, ченемдик-укуктук актыларды толугу менен ревизиялоо артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат, ошондой эле саламаттык сактоо тутумундагы аутсорсинг маселесин карап чыгуу зарыл.

«Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар тыкыр талданып, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, калкка тейлөө көрсөтүү сапатын жогорулатууга, жер-жерлердеги медициналык мекемелердин шарттарын жакшыртууга багытталышы керек. Акыркы мезгилдеги тажрыйба көрсөткөндөй, саламаттык сактоо тутумундагы медициналык адистердин гана эмес, ошондой эле заманбап башкаруучу кадрлардын да жетишсиздиги орун алууда. Бардыгы эскиче нукта иш алып барып, өзгөрүүлөрдү каалабайт. Көбүнэсе калктын бийликке карата ишеними медициналык тейлөө көрсөтүүнүн сапаты менен аныкталат. Андыктан, медицина тармагы мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев белгилегендей, ал өз ишинде жогоруда белгиленген принциптерди жетекчиликке алып, ошондой эле күч-аракетин кадрдык агымды токтотуу максатында аймактардагы медициналык кызматкерлер үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоого, саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү үчүн чет элдик гранттарды жана инвестицияларды тартууга жумшайт.

Жолугушууда дары-дармек менен камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кирешесинин түзүлүшүн талдоого алуу, ошондой эле өлкөнүн Саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү стратегиясынын жана Програмаларынын алкагында коюлган конкреттүү милдеттерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости