Мыйзам долбоорунун негизги максаты салык тармагын электрондук тейлөөгө, анын ичинде электрондук эсеп-фрактураларды колдонууга өткөрүү үчүн салыкты электрондук башкаруу жана аны аралыктан башкаруу усулун киргизүү чараларын ишке ашырууга укуктук негиз түзүү болуп саналат. «Мында ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин, дагы башка өлкөлөрдүн товарларын көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт», — дейт экономика министри Артем Новиков.
Андан тышкары, инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүү жакты сынактык тандоо усулу КР Өкмөтү тарабынан аныктала тургандыгы тууралуу жобо да сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин пикиринде, инвестициялык долбоорлор боюнча мамлекет үчүн маанилүү болгон чечимдердин кабыл алынуу жүрүмүн кыйла тездетет.
Андан тышкары, эл өкүлдөрү бирин-экин гана компанияларга артыкчылык бере бербей, кассалык-көзөмөл машиналарын орнотуу жаатында атаандаштыкты күчөтүү, салык жана бажы тармагындагы коррупциялык жосундарды жоюу, көмүскө экономиканын көрүнөө алып чыгуу чараларын көрүү зарылдыгын белгилешти. Анткени, эл аралык эксперттердин айтымында, ушу тапта Кыргызстандагы көмүскө экономиканын үлүшү 38 пайыздан ашты.
Салык кызматынын болжолуна караганда, салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнүн натыйжасында кошумча нарк салыгы боюнча эле бюджетке 10 млрд сомдон ашуун каражаттын түшүүсү күтүлүүдө.