Он үч жыдан бери токтоп калган ишкана заманбап жабдуулар менен эле жаңыртбастан, толугу менен оңдоп-түздөөгө муктаж болгон.
Жабдыктар эң алдыңкы делген Германия менен Украинадан алынып келинген. Ошондой эле “Кошой” кант заводун ишке киргизүүдө кант кызылчасын кайра иштетүү маселеси чечилип, калк атамекендик кумшекер менен толук камсыздалат. Аны менен катар миңдеген жергиликтүү жашоочуларга жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу Чүй облусундагы «Кошой» кант заводунун абалы менен таанышуу учурунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Сокулуктагы “Кошой” кант заводу 1-октябрда толугу менен калыбына келтирилет. Ошондо суткасына 3 миң тонна кызылча кайра иштетилип, 300–400 тонна кумшекер чыга баштаарын «Кошой» Ачык акционердик коомунун башкы директору Александр Барбалат айтты. Завод жергиликтүү рыноктун муктаждыгын гана жаппастан, продукциясын сыртка экспортко да чыгарат. Заводдун ишин тездетүүнү жана дыйкандарга жакшы шарт түзүүнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ишкана менен таанышып жаткан учурда тапшырма берген. Мына ушул теманын алкагында, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевду да маекке тарттык.
-Суткасына 3 миң тонна кызылча иштелип, 300–400 тонна кумшекер өндүрүлөрү маалымдалды. Бул башка заводдордун өндүрүмүн кошкондо, Кыргызстанды кант менен толук камсыздоого жетеби?
-Кызылчанын баасы белгилендиби?
-Завод чыгарган канттын сапаты кандай болот?
-Канча адам жумуш менен камсыз болгон жатат?
Буга чейин дыйкандар кант кызылчаcын сата албай же заводдо кезек күтүп кыйынчылык көрүшчү эле. Бул завод ишке кирсе бардык көйгөй чечилеби ?
Наргиза Өмүрбек кызы