Ага Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов, Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, «Кошой» заводунун кызматкерлери жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
“Кошой” заводун ишке киргизүү – өлкөнүн өндүрүш коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү кадам экенин белгиледи биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов.
“Өткөн жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй кант кызылча өнөр-жайы, дыйкандар өстүргөн кызылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатууга болгон кепилдикти камсыз кылуу менен, өндүрүш тизмегинин бүтүндүгүнө кепилдик берүүдө дагы бир ири заводго муктаж”, –деди Абдыгулов.
Айыл-чарба министри Нурбек Мурашев заводдун кызматкерлерин ачылыш аземи менен куттуктап, кыска мөөнөттө оңдоо иштерин жүргүзүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кант кызылчасын кайра иштетүү менен калкты ата мекендик кумшекер менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун жана жаңы жумуш орундары түзүлөрүн айтты.
Бул көптөн күткөн жаңылык. Себеби акыркы жылдары кант кызылчасын өстүргөндөр аны сатууга жол издеп келишкен. Кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү бир нече эсеге жогорулаган. Дыйкандар аны кайра иштетүү үчүн кезекке турушуп, айрымдары чыгымга учураган учурлары дагы болгон.