Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, Кумашов кошумча нарк салыгынан түшкөн каражатты кайра кайтаруу боюнча ачылган иштин алкагында коррупцияга шектелип кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, кошумча нарк салыгы боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия 2016–2018-жылдары жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге баргандыктан мамлекетке 847 миллион сомдук зыян келтирилген.
Комиссияга салык тармагындагы, бажы администрациясы жана башка мамлекеттик органдардын кызматтык адамдары кирген.