Баалуу кагаздардын баркы
Мына, 15 жылдан бери єлкєдє менчиктештирїї токтоду жана аны менен кошо баалуу кагаздарды сатып алуунун жигердїї процесси артта калды. Эгер кокустан ишкерге же мамлекеттик чиновникке кєбїрєєк акча иштеп табуу мїмкїнчїлїгї жаралып калса, ал бул акчасын баалуу кагаздан башка баардык пайдалуу максаттарга жумшай алат: їй алуу, квартира, машина, кафе же сулуулук салону. Бир гана акция жана облигация эмес.
Ошол эле учурда єнїккєн єлкєлєрдє кєпчїлїк їй-бїлєлєр єздєрїнїн ашыкча акчасын дал ушул баалуу кагазга чегеришет. Алар чогулткан каражатын баалуу кагазга кийин аны пенсияга чыкканда колдонуу їчїн сакташат. Мисалы, АКШда дээрлик ар бир жумушчуда єзїнїн «пенсиялык эсеби» бар. Ал акча акция жана облигацияга чегерилет.
Кыргыз їй-бїлєлєрї єздєрїнїн чогулткан акчаларын баалуу кагазга ойлогондой чегере алышабы? Деги Кыргызстанда акча чегерїї їчїн кызыктуу варианттар барбы? Чет элдик баалуу кагаздарды сатып алса болобу, эгер болсо аны кандай жїргїзїї керек? «Экономика» бул суроого жооп берген бир канча макалалардын сериясын жарыялоого аракет кылат.
Акчасын баалуу кагаздар рыногуна чегергендердин баардыгы эки топко бєлїнїшєт. Биринчи топ – алдамчылар. Алар баалуу кагазды ошол эле замат рыноктогу баасы жогорулаганда кайра сатып жиберїї їчїн сатып алышат. Бул адамдар єздєрїнїн баалуу кагаздарынын баасы єзгєргєндїгїн кїн сайын, ал тургай саат сайын кєзємєлдєп, ошол акциясын сатып алган компаниялар тууралуу жаўылыктарды окуп турушат. Кыскасы, алар – фондулук рыноктогу адистер жана баалуу кагазга акча чегерїї баардык негизги убактысын алат.
Кыргызстанда учурда эмнени сатып алып, эмнени сатуу ыўгайлуу экендигин билип, дайыма компьютерде отурган, дїйнєлїк жаўылыктарды окуган жана туура чечим кабыл ала билген кесипкєй билими бар адамдар кєп деле болбосо керек. Алтургай жергиликтїї инвестициялык компаниялар деле ушундай иштей алышпаса керек.
Баалуу кагаздар рыногундагы инвесторлордун экинчи тобу кесипкєй алдамчыларга караганда бир аз кєбїрєєк. Биз анча кєп эмес капиталы бар катардагы адамдар тууралуу айтуудабыз. Алар «чынчыл инвесторлор» деп аталышат. Эгер алар баалуу кагаздарды сатып алышса, анда саат сайын анын рыноктогу баасын байкап туруу їчїн алышпайт. Демек, узак мєєнєттїї колдонуу максатында, убактысы келгенде (бир, эки жыл же андан да кєп) бул акциялардын баасы жогорулап, кийин ыўгайлуу сатуу максатында сатып алышат.
Кыргызстан бай мамлекет эместигине карабастан, бизде ашыкча акча чогулткан кєп адамдар бар. Алар їй, кафе гана эмес, андан да чоў объекттерди сатып алып, балдарына калтырууну каалашат. Демек, бул адамдар єз капиталынын бир бєлїгїн фондулук рынокко чегерїїгє макул болушат. Айрымдары мындай аракеттерди Кыргызстанда жана чет єлкєлєрдє жасашууда.
Фондулук рынок – єтє татаал система. Баалуу кагаздарды сатып алуу жана кайра сатуу їчїн сєзсїз ортомчу керек: брокер же инвестициялык башкаруучу. Алар анча чоў эмес комиссия їчїн – эреже боюнча, сооданын 1%дан кєп эмес єлчємї їчїн иштешет. Сатып алынган баалуу кагаздарга ээ болу їчїн да ортомчу керек – ал «депозитарий» деп аталат. Анткени баалуу кагаздардын «кагаз» формасы болбойт – Сиз акцияга ээ экендигиўиз жазылбай, жєн гана атайын реестрге белги коюлат, ал эми колуўузга бул реестердин кєчїрмєсї берилет.
Кыргызстанда 30га жакын чет элдик компаниялар брокерлердин лицензиясына же инвестициялык башкаруучу укугуна ээ. Алардын телефону менен кошо толук тизмеси Мамлекеттик каржылык кєзємєл (www.fsa.kg) мекемесинин сайтында бар. Анткен менен алар Сизге кыргыз баалуу кагаздарына гана салым кошууну сунуш кыла алышат. Чет элдик баалуу кагаздарды сатып алуу їчїн чет элдик брокер менен келишим тїзїї керек. Кыргыз инвестициялык ортомчуларына биздин жарандарга чет элдик баалуу кагаздарды сатууга тыюу салынган.
Баалуу кагаздарга акча чегерїїнїн кандай варианттары Кыргызстанда бар? Тилекке каршы, варианттар єтє деле кєп эмес.
1990-жылдардагы менчиктештирїї мезгилинде кєптєгєн компаниялар акцияларын чыгарышкан: алар жарандарга сатылып, кийин айрым бизнесмендер кєзємєлдєєчї акцияга ээ болуп (акциянын жарымынан кєбїн), єздєрїнє кызыктуу ишканаларды кєзємєлдєє їчїн элден сатып ала башташкан. Ушундай акцияларды элден сатып алуу аяктаган соў. Акцияны жигердїї соодалоо да жокко чыккан.
Жїздєгєн компаниялар акцияларды чыгаргандыгына жана чыгарып жаткандыгына карабай, азыр Кыргыз Фондулук Биржасында (www.kse.kg) болгону акциялардын 19 гана тїрїн сатып алууга жана сатууга мїмкїн! Дээрлик тандап ала турган эч нерсе жок.
Албетте, акцияларды биржадан башка жактан сатып алса болот. Бирок анда Сиз аларды єзїнїн, рыноктун баасында сатып ала аласызбы? Биржа талап менен сунуштун теў салмактуулугу катары бааны аныктоого жардам берет. Биржадан тышкары сатуучу Сизди алдап коюшу мїмкїн, ал эми текшерїїчї башка мекеме жок. Ошондой эле баалуу кагаздар биржада сатылбаса, анда Сиз аны кантип сатасыз? Аны кимдир-бирєє сатып алгысы келгендигине кепилдик барбы?
Биржадан сырткары ишенимдїї жана кийин коркпой кайра сатып жиберїїгє мїмкїнчїлїк тїзгєн сатып ала турган жалгыз баалуу кагаздар бул – мамлекеттик карыз милдеттенмелери. Алар тїрдїї формаларда чыгарылат; єтє белгилїїлєрї – Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын «ноталары». Таў каларлык «нота» деген аталышына карабастан, бул – облигация жана векселдер сыяктуу кадимки эле карыз милдеттенмелери. Бул милдеттенмелер сом менен ар кайсы мєєнєткє – бир нече кїндєн (!) бир жылга чейин чыгарылат.
Чиновниктер ушул кїнгє чейин бири-бири менен мамлекеттик баалуу кагаздарды биржада сатып алса болору жана бул коркунучтуу эместиги тууралуу келишип алышкан эмес. Сиз аларды каалаган банктан сатып аласыз. Єзїўїздїн банкыўыздын жакынкы филиалына келип, Улуттук банктын «нотасын» же Каржы министрлигинин облигацияларын кантип сатып алса болорун сураўыз – банкирлер Сизге жардам берїїгє тийиш. Бул кагаздар боюнча банктын салымдар боюнча пайыздары эсептелип, мєєнєтї бїткєн соў баардык сумма жеке эсебиўизге кайтарылат.
Келерки санда биз чет элдик баалуу кагаздарды сатып алса болобу жана аларды Кыргызстанда соодалоого тыюу салынгандыгына карабай кантип сатып алса боло тургандыгы тууралуу айтып беребиз.
Ж. Болотов