Сеулда 2-майда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов Түштүк Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын (KOИМА) жетекчиси Мйоң-жин Шин менен жолугушту.
Анын жүрүшүндө учурдагы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы кызматташуунун соода-экономикалык жана инвестициялык маселелер талкууланды. Тактап айтканда, Элчи Кылычбек Султанов Кыргызстандын Түштүк Корея менен болгон соода-сатык алакасынын көлөмүн көбөйтүү ниетин, экологиялык таза айыл чарба продукциясын Түштүк Кореяга экспорттоо боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Андан сырткары, Кыргыз жергесинде өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын ВСП+ жеңилдетүү системасына ылайык, Европа өлкөлөрүнө экспорттоодо кореялык компанияларды Кыргыз компаниялары менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө чакырды.
Өз кезегинде Түштүк Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын жетекчиси Мйоң-жин Шин өз кезегинде аталган бирикме Кореяга чет жерлик товарларды жана азык-түлүктү импорттоо иштерине багытталганын, ага байланыштуу чет өлкөлүк компаниялар менен тыгыз кызматташарын жана кореялык компаниялардын байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшөрүн айтты. Ошону менен бирге элчи Кылычбек Султановдун Түштүк Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын эксперттик тобун Кыргыз жергесинен Кореяга экспорттоого боло турган потенциалдуу азык-түлүктөрдү аныктоо үчүн рынокту изилдөөгө жөнөтүү сунушуна макулдугун билдирди.
Аны менен катар эле Мйоң-жин Шин Кыргыз өлкөсүнүн азык-түлүктөрүн, товарларын, Кыргыз компанияларынын байланыштары тууралуу маалымдаманы, ошондой эле жалпы эле Кыргыз жергесинин экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макаланы кореялык абройлуу «IMPORT” журналына бекер жарыялоого даяр экенин да кошумчалады.
Ошондой эле Түштүк Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын жетекчиси «Import Goods Fair» аттуу эл аралык көргөзмөгө Кыргыз компанияларынын катышуусу маанилүү экенин баса белгиледи. Ал Сеул шаарында ушул жылдын 21–23-июнь күндөрү өтөт. Анда бир гана корей түзүмдөрүнүн арасында эмес, эл аралык компания жана ишканалардын арасында Кыргыз жергесинин туризми жана улуттук азык-түлүктөрү боюнча ишти илгерилетүү үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлөрүн Мйоң-жин Шин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз тарап менен өнөктөштүк кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту.