• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу «Кыргызтелеком» ААКдагы коррупциялык маселелерди талкуулады

👁 565

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу «Кыргызтелеком» ААКдагы коррупциялык маселелерди талкуулады. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу тобу «Кыргызтелеком» ААКнын ишмердигиндеги коррупциялык тобокелдерди талдоонун
жыйынтыгын карады.

–Жыйында белгиленгендей, коррупциялык зоналар финансылык ресурстарды жана мүлктү пайдалануу, телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана өнүктүрүү, кадрдык саясат маселелеринде кездешет;

–«Кыргызтелеком» ААКы — бул коммерциялык ишкана, анын негизги максаты пайда табуу, ошого карабастан уюмдун компанияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтери жок. Ошондой эле коммуникация рыногунда абалын жакшыртуу
боюнча планы (божомолу) да жок болуп чыкты;

– «Кыргызтелеком» ААКнын эсебинен кийин жеке компаниялар тарабынан пайдаланылчу жана жумшалган чыгымдар акталбаган жаңы линияларды же мурдагысын ремонттоо иштери жүргүзүлгөн фактылар орун алган;

–«Кыргызтелеком» ААКда ремонттук, курулуш иштерине, материалдык-товардык баалуулуктарды алууга мамлекеттик сатып алууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү тендер өткөрбөй туруп ишке ашыруунун кайталанма системасы кеңири орун
алган;

–Жумушчу топтун кеңешмесинин жүрүшүндө «Кыргызтелеком» ААК жаңы жетекчилигинин демилгеси менен акыркы 4 айда түрдүү багыттар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына 11 материал жөнөтүлгөнү аныкталды.

Ошого байланыштуу «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилигине 2018-жылдын 19-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине кызматтык текшерүүнүн жогоруда аталган материалдарынын тизмесин берүү сунушталды.

Мындан тышкары эксперттик топко «Кыргызтелеком» ААК менен бирдикте сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен 2018-жылдын 5-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун кароосуна «Кыргызтелеком» ААКдагы коррупциялык тобокелдерди демонтаждоо боюнча такталган пландын долбоорун иштеп чыгып, киргизүү сунушталды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости