• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Коомдук коопсуздук ишкерликти өнүктүрүү фактору.

altyin-arashan-3

👁 926

Биздин, балдарыбыздын коопсуздугу, ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу көпчүлүк учурда укук талаасындагы тартиптүүлүктөн көз каранды.

Өзгөчө бул ишкер жарамдуу калктын бөлүгү жакшы жашоону издеп, борборго жана Кыргызстандан сырткары миграция кылып жатканда сезилет. Буга адамдарды өлкөдөгү экономикалык абал түртөт: кайра иштетүүчү, өнөр-жай ишканалардын кыйрашы менен эмгек ресурстары ашыкча болуп калууда.

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Уланбек Далиев төмөнкүлөрдү айтты:

“Мен 2015-жылы Айыл өкмөтүндө иштегем жана ошол маалда эле коомдук уктурууларда аймактарды азыркы социалдык-экономикалык абалындагы көптөгөн маселелер бар экени белгилүү болгон. Эң алгач эле көптөгөн жылдар бою өзгөрүүсүз калган жакырчылык: Айыл өкмөтүндө жашаган 12 миң адамдын 626 үй-бүлөсү социалдык жөлөкпул алышат. Бул абалдан чыгуу – жумушчу орундарды түзүү, мектепте окугандардын билим берүү сапатын жакшыртуу. Тилекке каршы, учурда айылдагы жаштар Жалпы Республикалык тестирлөөдө начар көрсөткүчтөргө ээ болушууда”.

Окугусу келбегендеринин бирден-бир себеби – окуучулар жумушка орношуу перспективасын көрбөй келишет. Анткени Жети-Өгүз районунда Айыл өкмөттө, ФАПта гана жумуш табууга мүмкүн, дагы 10го жакын дүкөн иштейт.

Бирок ал жактарда дагы бош орундар жок.

Жер иштетип, мал багуу гана калат: 75% жашоочулар дыйканчылык менен алек болушуп, жандарын багып келет. Ошондой эле ар түрдүү себептерден улам жер үлүшү жок калган 10% тургундар бар, алар аз акчага бирөөнүн жеринде иштөөгө аргасыз. Алар балдарынын тагдыры жана келечеги тууралуу качан ойлогонго жетишет: “бир күндөн, бир түндөн аман чыксак дешет”.

Болгон чындык ушул. Жети-Өгүз районунда жайгашкан 5 мектепти текшерүүнүн натыйжасында аймакта коопсуз жашоого тоскоол болгон 5 негизги маселе бар экени белгилүү болгон: үй-бүлөлүк зомбулук, алкоголизм жана экстремизм, мал уурдоо, мектеп рэкети. “Бизге «JIA» ассоциациясынан ишкерлер келишкен, алар жаштар менен иштөөнү активдештирүү аркылуу жардам беребиз дешкен, бирок бул деле маселени толугу менен чечпейт.”

Өз күчүбүз менен арак ичүү менен күрөшүп көргөнбүз, жашы жете электерге спирттик ичимдиктерди жана тамеки сатууга, үй-бүлөлүк зомбулук кылгандарга айыппул салууну караганбыз, жада калса муну жергиликтүү коомчулуктун жалпы жыйынында көтөрүп, муну жергиликтүү административдик кодекске, Уставга киргизгенбиз. Бирок бул дагы жакшы натыйжа бербей эле. Бул жерде “камчыдан” натыйжа чыкчудай эмес”,-дейт Уланбек Далиев.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун прокурору Марат Мамажанович Абсатаров калк алдында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары алдында, коомдук уюмдар алдында жана милиция алдында бул абалдан чыгуу үчүн татаал тапшырма коюлганын билдирди. Укук коргоо органдары өз күчү менен “өрттү өчүрүп” келишкен, жалпылап алганда маселелер акырына чейин чечилген эмес. Анын үстүнө чакырууларга өз убагында жетип барганга милициянын унаасы жок болгон.

Кызыкдар болгон тараптардын чечкиндүү кадамдары менен маселени чечүү жолу табылган. “Айыл ичинде кандай абал болуп жатканын билген жергиликтүү калк болбосо ким болмок эле”?

Жарандык коомчулукта укук талаасындагы максаттарды аныктоодо жана алардын аткарылышын билүүдө кандай куралдар болушу керек?

Бул маселени БУУнун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жардамы менен чечүү жолун карап көрдүк, аларга жардам сурап кайрылдык.

Натыйжа жакшы: 2016-жылы Жети-Өгүз районунда бир дагы мал уурдоо фактысы болгон эмес!

“Эгерде буга чейин мал уурдоо айына 20 жолу катталып келсе, учурда айылдыктар мал чарбачылыгы менен алектене башташты. Бул тажрыйбаны Кыргызстан боюнча жайылтуу керек, бул калктын абалын жакшыртууга жакшы көмөкчү болот жана алардын чакан ишкерлик менен алекттенүүсүнө шар түзөт”,-дейт Жети-Өгүз РИИБинин жетекчиси Тилек Тюкебаев.

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Рустам Исмаилов мал жайылуучу жана мал өтүүчү негизги жолдорго видеокамера орнотуу, ири мүйүздүү малды каттоо, чабандар менен милициянын тыгыз иштегени, жарандык коомдун текшерүүлөрү, маалыматтык баннерлердин орнотулушу жана буклеттерди чыгаруу жана башка чаралар мал уурдоочулук менен күрөшүүгө жакшы жардам бергенин айтат.

Биздин өлкөнүн келечеги болгон жаштар менен кандай иш алпаруу керек? Азыр айылдын, айыл аймактарынын, облустун, райондун жана жалпы Кыргызстандын өнүгүүсү алардан көз каранды да! Бирок бул жерде жетишкен натыйжалар дагы көңүл бурууга татыктуу.

Укук бузуулар маселесин чечүүгө болгон жаңы кадамдар бир гана Жети-Өгүз районунда эмес, башка жактарда дагы жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн. Учурда жергиликтүү коомчулук мунун пайдасын билип, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлө баштаганы жакшы көрүнүш. Адамдар коопсуздук – социалдык, экономикалык, саясий өзгөрүүлөрдүн ачкычы экенин түшүндү.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости