Президент Алмазбек Атамбаевге татаал тарыхый миссия жүктөлдү – биринчи күндөрдөн баштап ага жана КСДПдагы пикирлештерине өрт өчүрүүчү командадай иштөөгө туура келди. 2010-жылдагы революция Кыргызстандын тоталитаризмге карай багытын ооздуктаган менен эки терс эффекти өзү менен кошо ала келди.
Бүгүнкү күндө бул көйгөй аздыр, көптүр чечилип калды. Өлкөдөгү инвестициялык жигердүүлүк акырындап калыбына келүүдө.
Азыркы учурда бул көйгөй толугу менен чечилген.
Ошондой эле 2008–2009-жылдары кара тумандай каптаган дүйнөлүк каржылык кризистин кесепети толугу менен 2010-жылдын абалын толугу менен сезе баштады. Бийликтин алмашуусундагы шок абалындагы эффект экономикалык кыйроонун шок абалына өттү. Андыктан өткөн 6 жылдагы өлкөнү башкарган жетекчи команда өрттү өчүрүп, мамлекетти кайрадан курду деп айтса болот. Кыргызстандын жетекчилигин көп жагдайлар үчүн сындаса болот, бирок ал так жетишкен ийгилик, бул өлкөнү диктатура моделинин өнүгүүсүнөн ишенимдүү түрдө сактап кала алгандыгы. Эми ишенимдүү түрдө бейкапар, ишенимдүү өнүгүү жолуна түшсө болот. Дал ушул мезгил жаңы Конституцияны кабыл алуу менен дал келүүдө.
Быйылкы жылы декабрда Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү пландаштырылууда. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын демилгеси коомчулукта кызуу талкууну жаратты.
Премьер-министрдин ыйгарым укутарын кеңейтүү дал ушул максатты көздөйт. Андан тышкары, депутаттарга өкмөттү отставкага кетирүү кыйын болуп калат, демек, парламент жана өкмөт биргелешип иштөөгө жана компромисс табууга аргасыз болот. Азыр парламентчилер жылына бир нече ирет премьерди бошотуп, ар бир жолу баардык процедураларга аз эмес убакыт жана акча каражаты кетүүдө, ал эми көпчүлүк ведомстволордун иши токтоп калууда. Эгер өкмөттүн отставкасы менен байланышкан чыгымдардын болжолдуу көлөмүн эсептей турган болсок, анда чыгашалар 120–150 млн. сомго жетип калат экен (эл аралык келишимдерди токтотуу, процедуралардын токтоп калуусу, расмий иш сапарлардын болбой калуусу, валюта рыногундагы туруксуздук, процедуралык иш чаралар жана ал тургай кагаз менен жаңы документтерди басып чыгарууга жумшалган канцеляриялык чыгымдар). Бийликтин негизги бутактарынын – мыйзамдарды түзгөн парламент, жана бул мыйзамдарды аткарган парламент ортосунда тең салмактуулук жок. Ал эми негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү бизге туруктуу иштеген бийликти берип, бул тең салмактуулукту сактайт. Бийлик натыйжалуу жана ишенимдүү болгондо бул өлкөнүн турмушунун баардык тармактарына, анын ар бир жаранына жакшы жагдайларды жаратат.
Башкы прокуратурага тергөө жүргүзүү укугунан ажыратуу сунушталып, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (ГСБЭП) гана калтырат. Бул туура чечим экендиги көрүнүп турат, себеби прокуратуранын маңызы – тергөө менен алектенбей, айып тагуу. Ошондой эле толуктоолорго ылайык, башкы көзөмөл органы чиновниктердин ишине гана көзөмөл жүргүзүп, карапайым элдин турмушуна кийлигишүүгө эми акысы жок болуп калат. Ошол эле учурда башкы прокурорду кызматтан алуу процедурасы татаалдашат.
Бул өзгөрүүлөрдөн кийин эмне болот? Кыргызстанда азыр негизги концепциясын КРнын Коргоо кеңеши жактырган өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоо улантылууда. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеш мыйзамдардын жаңы долбоорлорун кароону баштап, алардын кабыл алынышы бул реформаларды практика жүзүндө ишке ашырууга шарт түзөт. Тергөө функциясы жок прокуратура калган укук коргоо органдарына объективдүү надзор жүргүзө алат. Кайрадан эле премьер-министрдин ролун күчөтүү учуру сыяктуу банас пайда болуп, ал натыйжалуу иштөөнү камсыз кылууга тийиш. ЭККМКдан (ГСБЭП) башка бир да орган ишкерлерди кылмыштык-укуктук жактан текшерүүгө алууга жана аңдууга укугу болбой калат. Баарынан да биз акыры кылмыштын бетин ачуу боюнча көрсөтмөлүү отчеттордон арылып, өнүккөн өлкөлөрдүн мисалындагыдай кылмыштуу кырдаалды төмөндөтүү көрсөткүчүнө өтөбүз. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мындан ары күч органдарынын ортосундагы кылмыштуулук боюнча атаандаштык болбойт, ишкерлерди эч ким стресс абалына жеткирбейт, бизнес дем ала баштайт.
Бизнести текшерүү азаят – алар минимумга түшөт. Ошол эле учурда мыйзамсыз текшерүү, “акча өндүрүү” жана башка чиновниктердин мыйзамсыз аракеттери көзкарандысыз прокуратура тарабынан ишенимдүү түрдө ооздукталат. Албетте, милиция да ишкерлерден акча талап кылуу эмес, эмне менен алектениш керек болсо, ошол ишин жасайт.
Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жакында сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде “бул Кыргызстанда бизнеске бейиш: аз текшерүүчүлөр, көп колдоону түзүүгө жол ачат. Бизде аймактагы, КМШдагы эң жакшы шарттар болот”,- деп айткан эле.
Азыр айрым депутаттардын алысты көрө албаган демилгелеринен улам мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы такыр азайбай келүүдө. Анткени жаңы шайланган депутат шайлоочуларына берген өзүнүн убадасын ушундай ыкма менен аткарып, өзүнүн шайлоо алдындагы программасын ишке ашырууну көздөп келүүдө. Дал ушул жагдайдан улам бюджеттин корголгон беренелери, социалдык жөлөкпулдар, бюджеттик кызматкерлердин маянасы кемитилип калууда. Дал ушул жагдайдан улам биз такыр бюджеттин тартыштыгын токтото албай келүүдөбүз. Башкы мыйзамга өзгөртүү киргизүү ушундай ойлонулбаган демилгелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Соттор өздөрүнө өздөрү тыңшоого укук берип, кат алышуу сыры болбой, ишинде максималдуу ачык-айкын болушат. Албетте, Конституция мындай жооптуу жумуш үчүн татыктуу сыйлык берүүнү алдын албаса да, болжолдойт. Адилет сот акыйкат бизнеске жана таза кирешеге жол ачат. Келечекте биздин өлкөнүн жарандары соттук чечимдердин кабыл алынышындагы адилеттүү мамилеге ишене алышат. Баарынан да судяларга азыр болуп жаткандай сот процесстерин создуктурууга жол бербейт.
Конституциянын преамбуласы адамдын аныктоосу, анын турмушу, ден соолугу, укугу жана эркиндиги Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктары катары толукталат. Бул демек, жарандын баалуулугу баардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн маңызы жана мазмуну болууга тийиш.
Жаңы Конституция – бул революциялык өзгөрүүлөр этабынан БЕЙПИЛ ТУРМУШ этабына өтүү. Дагы бир ирет белгилейбиз: бул өзгөрүүлөрдөгү чечүүчү максаттар менчик ээси үчүн кепилдик – ички жана тышкы инвесторлордун кызыкчылыгын кепилдиктер болуп эсептелет. Акыркы жылдардын тажрыйбасынан Кыргызстанга бийлик диктатурасына, бир үй-бүлөнүн бийлигине кайтып барууга мүмкүнчүлүк бербеген механизм иштелип чыккан.
ЭКОНОМИКАнын редакциясы тарабынан сурамжыланган чет элдик инвесторлор жаңы Конституцияны колдошууда. Алар үчүн негизги жагдай мүлкүнүн ишенимдүү кепилдиги, ошондой эле Кыргызстан үчүн бийликтин чектен чыккан рейдерлиги артта алыстап калуусуна ишенимдүүлүк болуп саналат.