Бирок, өкүнүчкө жараша отелдердин саны жана орточо көлөмү Кыргызстанда, башкасын айтпаганда да коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла аздык кылат!
Жакындан бери өзүн туристтик өлкө катары көрсөтө баштаган Кыргызстанда фешенебалдык мейманканаларды айтпаганда да, биздин өлкө боюнча туристтер өткөн жолдордо жөнөкөй эле мейманканалардын жоктугу маселе болуп турат.
Туристтин Ысык-Көлгө келгени өзүнчө кеп, мейманканадан орун алып. Бирдемелерди сатып алымыш болуп, жолуна түшөт. Ал эми ал өлкөбүздүн кооздугун көрүшкөнү келгени таптакыр башка маселе.
Бул жерде болгон туристтер, Кыргызстанда көптөгөн жана кызыктуу нерселер бар экендигине эбак баа беришкен. Бизде бийик тоолуу кыргыз “Арктикасы”, “тундрасы”, ошондой эле карагай-черлүү токойлор, жайкалган жашыл талаалар, мээ кайнаткан чөлдөр бар. Же Евразия климаттык тилкесинин көп түрдүүлүгүнүн баары кездешет.
Кыргызстан дагы эмнеси менен кызыктырат? Бул өлкө бир гана кооз жаратылышы менен эмес, II кылымдан биздин замандын орто кылымдын бери келаткан, Улуу Жибек жолу өткөн бай тарыхы, географиялык абалы менен да кызыктуу. Республиканын аймагында беш миңден ашык археологиялык жана маданий эстеликтер жана канчалаган элдердин изи калган Сулайман тоо, Өзгөн архитектура комплекси, Бурана мунарасы, Шахь-Фазиль мавзолейи, Таш-Рабат кербен сарайы бар.
Статистика тастыктагандай, көпчүлүк туристтер бул жакка жаратылыш менен бир болууга, боз үйлөр жана чатырларда жашаганга, жапайы жаратылышта көп күндөр ат минип эс алганга келишет. Бул жерде жашыра турган эч нерсе жок – ар кандай кызыктуу окуя издеген чет элдиктер дагы бири нече күн ошол эле боз үйлөрдү. Чатырларда жашагандан кийин, цивилдүү шарттарды, ваннасы менен мончону, үстөл үстүндө тамактанганды, интернет караганды эңсейт.
«Бүгүн көптөгөн жаштар өздөрүнүн ордун, өлкөдөн алыс. Башка жерлерден табууну издешет. Бирок, биз көрбөгөн жердин баары жакшы” деген макал тегин эмес, алардын да көйгөйү толуп жатат. Биз иним экөөбүз кооз жерге жайгашкан өзүбүздүн айылыбызда туристтерди кабыл алууну чечкенбиз”, –дейт бир туугандарды бири Азиз. Ал – КМУнун “Экология жана туризм” адистиги жагын аяктаган.
Айбек: «Бүгүн туристтер кыргыздын улуттук каада-салттарын европалык сервис менен айкалыштырганды каалашат. Башкача айтканда ыңгайлуу шарттарда жашап, ошол эле учурда терезеден жаратылышты, анын келишкен ландшафтын карагысы келет. Үйдөн чыгып биздин тиричиликке аралашкысы, казанда тамакты кандай даярдайт, самоордо чай кандай кайнайт, мал кантип жайылат карап тургусу келет. Туристтер бээни кантип саайт, кымызды кандай даярдайт, аны көрүп, ат минип же жөө капчыгайды аралайт. Же арабада айылды аралагысы келет. Мындай убакыт өткөрүү алар үчүн унутулгус таасир калтырат!»
Дегеле келген кишиге бардыгы жергиликтүү материалдардан: самандан, жыгачтан, камыштан, талдан, таштан чын пейилден жасалганы көрүнүп турат: Интерьер дагы нукура кийизден, жүндөн, улуттук салттагы керамикадан жасалган. Айбек конок үйдү жасалгалоого өзүнүн классташы Токтогул уулу Чубакты тарткан, ал Арабаев университетин бүтүргөн. Эми болсо өздөрүнүн Чоң-Кеминин тартылган сүрөттөрү конок үйдү кооздоп турат. “Биз Токтогулга акча таап алгандан тышкары, анын чыгармачылыгын алдыга жылдырууга да жардамдашып жатабыз. Ким болбосун анын сүрөттөрүн ылайыктуу баада сатып ала алышат”.-дейт Азиз.
Негизи Кеминдеги конок үйү азыркы учурда 5 жергиликтүү тургунду туруктуу жумуш менен камсыз кылган, дагы 15тей адам туристтерди тейлөөгө тартылган. Бул жер-сууну жакшы билген жергиликтүү тургундун жөө жана атчан гид кызматын көрсөтүүсү, ижарага аттарды берүү, ат баккычтар. Эски советтик машиналардан жыйналган ар кандай ретро автомобилдерде турларды уюштуруу. Эгерде турист кааласа ат спортун көрсөтүү. Ал эми жергиликтүү айымдар өздөрүнүн кол эмгектерин да көргөзгөндөн, аларды саткандан көп эле каражат таап алышат., Конок үйдүн кожейкеси Чолпон Оморова бул жерде жакында пионер лагер уюштурулганын айтты: “Биз балдарды бөлмөлөргө жөн гана бөлүштүрүп койгон жокпуз, аларды өз убагында тамактандырдык, ошол эле учурда кыргыз салты менен тааныштырдык. Биз балдар менен бирге тандыр самсысын жасадык, пельмен түйдүк, боорсок даярдадык. Биз аларга кыргыз боз үйүн тиккенди үйрөттүк, баары абдан ыраазы болуп кетишти”.-дейт ал.
Короо боюнча сейилдеп жүрдүм. Бир туугандар конок үйүн өзгөчө оригиниалдуу, ошол эле учурда жергиликтүү салтка ылайык жасашкандыгы, атүгүл үйдүн маңдай жагы дарыядан алынган майда таштар менен үй жаныбарларынын сүрөтүн түшүрүлүп кооздолгону байкалып турат. Баарын ушундай сапаттуу жасалып жаткандан кийин, алар арыктын жээгин да Чоң-Кемин суусунан алынып келинген таштар менен каптап чыгышыптыр. Таштар абдан тыгыз тизилгендиктен анда суу жерге текке сиңип кетчүдөй эмес. Коноктор көп токтолуп турбастан буттарын чече салышып, керемет арык боюнча сейилдеп кетишти. Мунун советтик мезгилде көп жылдар бою ирригация тармагында иштеген алардын атасы Нурбек айтып берсе керек.
Бул учурда ат менен кошунасы келип калды — ал баары жакшы көргөн, даамы кычкыл, ушул тегеректеги тоодо өскөн ышкынды ала келиптир. Күндүн ысыгында ышкындан жеп, суусун кандырдык.
Бул тамакты жеген кандай гана турист болбосун ыраазы болору сезилип турду. “Биз туристтерди эртең мененки тамагына алар каалаган европалык тамактарды (каша, омлет, кофе) жана улуттук тамактан (каймак, токоч, боорсок, кытырак) сунуш кылабыз. Үстөл үстүндө дайыма жаңы жашылчалар болот. Бул эс алуучуларга абдан жагат дейт Чолпон апа. – Ал эми биздин чарбабыз чоң болбосо дагы, күн сайын сүт азыктары болуп турат. Курут, быштак, сүзмө, каймакты –өзүбүз жасайбыз. Бул чет элдик туристтерди абдан кызыктырат. Анткени мунун баары таза, эч кандай ГМО жок да.
Жергиликтүү элде, көп нерсе алардын өзүнө байланыштуу экендигин түшүнүү калыптанып келе жаткандыгы абдан жакшы. Мындан үй бүлөнүн өзү жана жергиликтүү коомчулук баары утат. Албетте, мейманкана бизнес өндүрүшү дагы!
Ирина Байрамукова