Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттиги ишкерлерге насыя берүү боюнча 9 коммерциялык банктар менен келишимге кол койду. Насыя берүүнүн жалпы суммасы 3,5 млрд сом. Экспортко багытталган жана импорттун ордун алмаштырган ишканаларды каржылык колдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүндү.
Насыя алуучулар:
- Экспортко багытталган жана импорттун ордун алмаштырган ишканалар.
Каржылоо тармактары:
–Кайра иштетүү өнөр-жайы;
–Жеңил өнөр-жайы;
- Тамак-аш өнөр-жайы жана айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү;
- Республикада жок жабдууларды, товарларды өндүрүү тармагында иштеген ишканалар;
- Жогорку технологиялык өнүмдөрдү жана жабдууларды чыгарган ишканалар.
Насыя берүүнүн негизги шарттары:
- пайыздык чен – жылына 10%;
- негизги каражаттар 5 жылга, айландыруу үчүн каражаттар 3 жылга берилет;
- жеңилдетилген мөөнөт негизги суммага 6 ай;
- насыянын көлөмү 250 млн. сомго чейин.
Долбоорго катышкан коммерциялык банктар:
-«Оптима Банк» ААКсы
-«Айыл Банк» ААКсы
-«Кыргызкоммерцбанк»
-«РСК Банк»
- «Кыргызстан» коммерциялык банкы
- «Бакай Банк» ААКсы
«Демир Кыргыз Интернэшнл» ЖАКы
- » Бай Түшүм» банкы
–БТА Банк.
Насыя берүүдөгү шарттар (талаптар)
–өндүрүш линиясынын болушу;
- мурда насыя алганда жана салыктар боюнча карызы жок;
–экспортко багытталган ишканалар үчүн СТ-1 формасындагы сертификаттын болушу.
Жогоруда көрсөтүлгөн банктарга жана алардын аймактагы бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот.
Бардык суроолор боюнча Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигине төмөнкү номур боюнча кайрылсаңыздар болот: 62−38−53 же 62−38−60.