Кыргызстанда бизнес ачууга же иштеп жаткан бизнести кеўейтїїгє каражат алууга ар кандай банктардын кредит алуу кызматын колдонсо болот. Бирок алардагы жылдык пайыздык ченемдин жогору болушу кєп чыгымга учуратат. Андыктан 2014-жылы Кыргыз-Орусиялык єнїктїрїї фонду эки єлкєнїн єкмєтї тарабынан тїзїлїп кыргыз бизнесмендерине колдоо кєргєзїп келет. Бул фонддон бекер акча, тагыраагы грант ала алам деп кыялданбай эле коюўуз. Болгону кредит алууга мїмкїнчїлїк бар. Бул кредит Кыргызстанда катталган юридикалык жактарга гана берилет.
Бул долбоордун негизги шарты — єзїн єзї актаган жана социалдык жактан пайдалуу ишкана болушу керек. Тагыраагы, бул ишкана ЕАЭС базарында керектїї продукцияны чыгарып, ал эми єлкєдє жаўы жумуш орундарын тїзїїсї зарыл. Алынган акча кайра фондго кайтарылып берилиши керек, анткени ал акчалар єлкєнїн экономикасын кєтєрїї їчїн иштетилет. Ал эми балдардын эмгегин колдонгон ишкана- компанияларга кердит алууда чектєєлєр коюлган, ошондой эле тамеки жана алкоголдук продукцияларды єндїргєндєр, оюн бизнеси менен алектенгендерге кредит берилбейт.
Негизинен фонд 1,5 миллион доллардан жогорку долбоорлорду каржылайт. Чоў инфраструктуралык долбоорлорго кредит 15 жылдык мєєнєткє чейин берилет, ал эми айыл жарба єндїрїш комплекстерине 10 жылга, калгандарына жети жылга берилет. Ал эми ар бир ишкер долбооруна керектелїїчї жалпы сумманын 15 пайызын єзї каражылаш керек. Фонддон кредит жылына 12 пайыздык чен менен берилет. Бул фонддун кредит берїїсї негизинен башка банктардан айырмаланбайт, тагыраагы — мїлк залогго коюлушу керек.
Бизнести нєлдєн баштоо їчїн кредит алууда бизнес план так жана айкын тїзїлїїсї керек. Анткени фондго тїшкєн ар бир билдирїї дыкаттык менен текшерилет.
Кредит алууга документтерди кантип толтуруу жана кандай документтер керек болорун фонддун расмий сайтынан тапсаўыз болот. (http://www.rkdf.org/).