Кол өнөрчүлөр өздөрү болсо айрымдарды “тажрыйбалуу кол өнөрчүлөр” деп бөлүп, белгилүүлөрү айына орточо миң доллар табарын айтып келишет.
“Учурда Кыргызстанда 3000ге жакын тажрыйбалуу кол өнөрчүлөр бар. Бирок узчулук өнөрдү апасынан, чоң апасынан үйрөнүп эмгектенип жүргөндөр дагы жок эмес”,-деди жыл сайын өтүүчү “Оймо” фестивалынын уюштуруучусу Мээр Кошоева.
Учурда кийизден, керамикадан, жибектен, чийден, жыгачтан, ылайдан, териден улуттук оймо түшүрүлүп жасалган сувенирлердин түрлөрү өтө көп. Сырттан келген туристтерге заманбап үлгү менен жасалган буюмдар, сувенирлер сунушталып келет.
Ички рыноктор – бул базарлар, атайы дүкөндө жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкелери. Алар көбүнчө атайын иш-чараларга дагы чакырылышат. Анда конокторго боз үйлөр, ала кийиздер, шырдактар, туш кийиздер, дубал килемдери көрсөтүлөт. Жасалгаланган боз үйлөр расмий иш-чараларда колдонулуп, туристтер үчүн боз үйдөн шаарчалар уюштурулат. Кылымдардан бери кийиз жасоо менен аялдар гана алектенип келген болсо, бүгүн эркектер дагы бул ишке аралашып, аялдардын жүгүн бир топ жеңилдетишүүдө.
Кол өнөрчүлөр аларга колдоо керектигин билдирип келишет. Өзгөчө бул алыскы аймактарга тиешелүү, себеби жасаган буюмдарын алып борборго келүү бир топ түйшүккө салат. Дал ушул аймактарда салтты улоочулар жашап жатканын эстен чыгарбоо керек.
Жалпылап айтканда кол өнөрчүлөрдү күнү өлкөбүздө улуттук майрам болуп калган. Эксперттер кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн товарларын алдыга жылдыруу үчүн мамлекеттин колдоосу керектигин билдиришти.
Тилекке каршы, учурда салык, бажы салыктарынын санын кыскартуу, патент жана сапат сертификатын берүү тармактарында маселелер чечилген эмес. Учурда кол өнөрчүлөрдүн көбү эле өздөрүн ишкер сезбейт жана формалдуу түрдө Экономика министрлигине тиешелери жок.
Тарых музейинин эксперти Лариса Соболина кол өнөрчүлөр буюмдардын, сувенирлердин дизайнын өзгөртүп заманбап кылып чыгаруу керекпи же жокпу деген суроо талаш жаратып жатканын билдирди.
Бирок бул маселе менен өкмөт алек болбой, айрым учурларда гана долбоорлор менен иштешип келишүүдө.
Бул тармактын олуттуу маселеси сапаттуу чийки зат. Чет жактагылар биздин кийизден жасалган буюмдарыбыздын кооз экенин айтышып, бирок бир аз убакыт өткөн соң тоголоктошуп кетип жатканына нааразы.
Айылдарда кийиз даяр, себеби көпчүлүк кой багышат, бирок жүндү иштетүү үчүн заманбап технологиялар жетишпей келет. Советтер доору кулагандан бери кийиз үчүн жүн берүүчү койлордун саны азайган.
Султанбек Макашов «Кыялдын» адистери өкмөткө элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү программасын сунушташкан. Ал өлкө боюнча чогулган маалыматтардын негизинде түзүлгөн. Кол өнөрчүлөрдүн көпчүлүгү иштөө үчүн ылайыктуу имараттардын жоктугун айтып даттанышкан. Алар СССР убагынан бери каралбай турган имараттарды ижарага алып, ал жактан иштери менен алек болушса жакшы болорун билдиришкен.
“Мындан адамдар жумуш менен камсыз болуп, бул тармак дагы өнүкмөк. Мамлекеттик деңгээлде алгач каражат бөлүнүшү керек. Бирок сунушталган мамлекеттик программа азыр деле каралбай жатат”,-дейт Султанбек Макашов.
Ирина Байрамукова