Акыркы жылдары Кыргызстанда кол өнөрчүлү абдан өнүгүп, ата-бабалардын салттарын уздар, усталар улантышууда. Мамлекет болсо азырынча жеке секторду колдоого шашпай эле. Аткаминерлер кезектеги стратегия түрүндө программалар, келечектеги кирешелерди пландоо менен алек.
Республикада кол өнөрчүлүк өнүгүүдө, анын темпи чакан жара орто бизнеске жакындоодо. Өлкөнүн булуң-бурчундагы миңдеген айымдар улуттук буюмдарды чыгаруу менен жашоолоруна каражат табышууда. Мындай бизнести баштоо үчүн насыя алгандар дагы жок эмес. Кыргызстан өндүрүлгөн өнүм менен мактана алат – КРнын кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары ЮНЕСКОнун сапат белгисине ээ болгон.
“Казакстандын өкмөтү кол өнөрчүлөргө гранттарды берет, кол өнөрчүлөр үчүн “Сапат белгиси” программасы иштейт. Мындай иштерди бизде дагы уюштурса болот, буга көп каражаттан деле кереги жок” ‚-дейт ал.
“Бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар, туризм жана кол өнөрчүлүк тармагында биз мамлекеттик структуралардын, БӨУлардын аракеттерин бириктире турган болсок алдыда чоң мүмкүнчүлүктөр ачлмак”,-деди Динара Чочунбаева.
Фестиваль дүйнөлүк маданий коомчулукта Кыргызстанын имиджин түзүү үчүн өткөрүлүп келет. “Кол өнөрчүлү – бул туризмдин айрылгыс бир бөлүгү. Элдин маданиятын, салтын көргөзүп, ар кандай улуттар арасында диалог түзүү максатыбыз”,- дешет уюштуруучулар.
2006-жылы фестивалга 100 кол өнөрчү катышса, 5 жылдан кийин 3 эсеге көбөйгөн. Алардын катарында Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан, Тажикстандан, Орусиядан, Индиядан, Түркиядан келген уздар бар. Учурда фестиваль “көчмөн” болуп калды: Бишкекте башталган иш-чара Ысык-Көлдө уланат. Ага келгендерди арасында популярдуулукту мастер-класстар түзөт. Аны менен катар эле экологиялык акциялар өтөт.
Мындай мүмкүнчүлүктөр бар экенин дүйнөдөгү мисалдар көрсөтө алат. “Кол өнөрчүлөр үчүн бейиш” деп Санта-Фе шаарын атаса болот (штат Нью-Мексико, АКШ). Кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси качандыр бир убакта 2 айымдын күчү менен өтүп баштап, бара-бара ага 145 өлкө катыша баштаган. “Аларда бул кол өнөрчүлүк базары, ал жактагы соодагерлер күнүнө 16 миллион долларга чейин табышат”,-дейт Динара Чочунбаева. Ошондой эле ал дал ушундай мүмкүнчүлүк бизде дагы бар экенин жашырбайт. Аны менен катар эле «Оймо» фестивалынын уюштуруучулары экономикалык гана максатты эмес маданий максатты дагы көздөп келишет.
КРнын кол өнөрчүлөрү туристтик уюмдар менен иштешүүгө аракет кылып жатышканын белгилеп келишет, бирок азырынча турфирмалар буга жакшы көңүл бурбай келишет. Туркомпаниялар иш-чаралар менен дагы алек болуп, алдын ала пландарына фольклордук жана башка фестивалдарды кошуусу керек.
“Кол өнөрчүлүктү коргоо жана колдоо үчүн мыйзамдар керек жана уздарды, усталарды сыйлап, стимул берүү зарыл”,- деди эксперт Азиза Океева. Ал кол өнөрчүлөр палатасын түзүү идеясын сунуштаган, ага дизайнерлер, ювелирлер, саймачылар жана башкалар кирмекчи. Бул азырынча план гана, ага жетүү үчүн көп аракеттерди кылуу зарыл.
Кыргызстанда инфраструктура өнүгө эле, ал эми чет элдиктер мындан колдонуп келишүүдө. Туристтер кол менен жасалган иштерди сатып алышып, аларды өз өлкөлөрүндө ийгиликтүү сатып жатышкан чагы.
Кол өнөрчүлөр өздөрү негизги маселелердин бири чийки заттын жетишсиздиги экенин айтып келишет. “Негизги өнүм – кийиз. Бизде аны даярдоонун салттуу технологиясы бар, бирок жыл өткөн сайын ал жоголуп баратат, себеби Кытайдан жасалма кийиз ташылууда. Көптөгөн адамдар чыныгы кийиз эмне экенин билишпейт жана Кытайдын арзан синтетикасын сатып алышат”,-дейт кол өнөрчүлөр цехинин өкүлү Айдай Асангулова.
Кытайга жөнөтүү үчүн ишкерлер ал жүндү болбогон тыйынга сатып алышат. “Ал эми кыргыз кол өнөрчүлөрү көчмөн калк болгону менен жана койлорду багып келишкени менен жүндөрдү Автриядан жада калса Австралиядан дагы сатып алышат”.
Кол өнөрчүлүк менен туризмди эки башка кароого болбойт. Чет өлкөлөрдө туристтерге узканаларды, устаканаларды кыдырштышып, жада калса алар буюмду кантип жасаларына дагы күбө болушуп, айрым учурларда өз колдору менен жасашат. Турфирмалар мындай тажрыйбаны колдонуп көрүшкөн жана туристтердин кубанычтуу таң калычтуу көз караштарынан улам бул нерсе керек экенин түшүнүшкөн.
“Казакстандын, Өзбекстандын кол өнөрчүлөрү менен биргеликте ири жарнамаларды кылса болот. Биздин кесиптештер жарманкелерге барып өз өлкөсүн жакшы жарнамалап келишет. Туристтер болсо турларды сатып алууда Борбор Азияны бүтүндөй кыдырып чыгууну каалашат”,-дейт кол өнөрчүлөр.
Жалпылап айтканда кол өнөрчүлүк багууда. Бирок ал уздарды багып ана бюджетке киреше алып келиши үчүн катышуучулар көп иштерди кылышы керек. .
Ирина Байрамукова