Kodak фирмасы өзүнүн криптовалютасын чыгарат жана январдын акырында ICO өткөрөт. Kodak тараткан расмий билдирүүдө криптовалютанын жардамы менен фотографтар үчүн менчикке болгон укук сакталат. Фотографтар эмгектерин каттоодо Kodak блокчейнин колдоно алышат. «KODAKCoin» болсо платформада каражатты алмаштыруучу катары иштейт. Компаниянын билдиришинче, колдонуучулар төлөмдү криптовалюта менен алып, автордук материалдарды колдонууда криптовалюта менен төлөй алышат. Бул тууралуу Капитал.кz altcoin.info. сайтына шилтеме берүү менен билдирди.
“Технодүйнөдөгү көпчүлүк үчүн „блокчейн“ жана “криптовалюта” жөн гана модалуу сөз, бирок фотографтар үчүн өз эмгектерин колдонуп жаткандарды билип, көзөмөл жүргүзүү үчүн маселени чечүү жолу. Kodak лицензиялоонун таза жана ачык шарттарын түзүүгө дайыма аракет кылып келет. Бул технологиялар инновациялык жана жөнөкөй жолду тандоого мүмкүнчүлүк берет”,-деди Kodak компаниясынын директору Джефф Кларк.