Экономика министрлиги ЕАЭБдеги экономикалык келишимдердин алкагында Кыргызстандын чек арасы аркылуу өткөн товарларды каттоого алуу чарасына өзгөртүүлөр жана кошумчаларды киргизүүнү сунуштап жатат.
Бул долбоор кыйыр салыктардын эсепке алуу жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында иштелип чыгууда. Бул тууралуу бизнес-биримдиктер жана компетенттүү органдар коомдук талкуулар учурунда айтышты.
Эми салыктык каттоо жөнүндө күбөлүктү каалаган убакта, тоскоолдуктарсыз алса болот, себеби эми катталган жерине тиешелүү болгон салык башкармалыгына баруунун кереги жок. Аныктаманы өткөрүү пункту жайгашкан аймактык салык органынан алса болот.
Аныктамалар арыз кабыл алынгандан кийин бир жумушчу күн ичинде берилүүсү керек. Мындан сырткары арызды кароодо өткөн убак үчүн салыктык отчет берүүнүн кереги жок.
Аныктамалардын жарамдуулук мөөнөтү узартылды. Эми 30 күндүн ордуна аныктамалар 2 айдан жарым жылга чейин берилет. Өзгөртүүлөр КНС жана башка салык төлөөчүлөргө тиешелүү.
Эң маанилүүсү нотариалдык жактан импортчу тарабынан күболөндүрүлгөн коштомо кагаздын көчүрмөсүн эле көрсөтүү жетиштүү.