• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

КМШ өлкөлөрүнүн банк рыноктору – ким канчадан?

44

👁 783

КМШ өлкөлөрүнүн финансылык системалары акыркы бир канча жыл ичинде олуттуу кыйынчылыктарга туш болду, тобокелчиликтерге көп туш болбогон КРнын банк кызматтарынын рыногу болду.

КМШ өлкөлөрүнүн финансылык системалары акыркы 7–8 жылда олуттук саясий-экономикалык чакырыктарга тушукту. Бул жылдар аралыгында зомби-банктардан жана көйгөйлүү институттардан кутулдук. Айрым банктар системаны сактап калуу үчүн ири оюнчуларды улутташтырууга аргасыз болушту. Кыргызстандан баштайлы.

Кыргызстан

Кыргызстандын банк системасы орточо бирок туруктуу өнүгүп жатат. Дүйнөдө нефтиге болгон баанын төмөндөөсү жана Кыргызстандын ЕАЭБдеги өнөктөштөрү болгон Казакстан менен Орусиянын экономикасына нефтинин баасы таасир бергени менен алар жергиликтүү банк секторуна эч кандай терс таасир тийгизе алышкан жок.

Учурда банк тармагында 25 комбанк, 618 банктык эмес каржылык-насыяык уюмдар, 19 камсыздандыруу компаниялары, 6 инвестфонддор бар. Мунун баарын 2014-жылдын май айынын тарта Толкунбек Абдыгулов төрагалык кылган Улуттук банк көзөмөлдөп келет.

Орусия

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен активдери көп болгон банк системасы дал ушул өлкөгө тиешелүү. Акыркы жылдары оюнчулардын саны 1000ден 600гө кыскарды. Тармакты Россия банкынын азыркы жетекчиси Эльвира Набиуллина тазалады. Эске сала кетсек, ал бул кызматка 2013-жылдын июнь айында отурган. Бул жылы анын ыйгарым укуктары узартылды. Анын талапкерлигин Владимир Путин өзү дагы колдоду. Ошондуктан рынок оюнчулары жана эксперттер Орусиянын борбордук банкынан өзгөчө деле рокировкаларды күтүшкөн эмес.

Набиуллина 2014−2015-жылдар банк системасы үчүн оор болгонун, насыя берүүчү уюмдарынын кирешеси 5 эсеге төмөндөп калганын айткан болчу.

Былтыркы жылдын сентябрь айында ал борбордук банк үч баскычтуу банк системасын түзүү менен алек болуп, көзөмөл жүргүзүү боюнча ыкманы кабыл алып жатканын билдирген. Бир сөз менен айтканда банк канча кичине болсо, аны жөнгө салуу ошончо оңой. Кандай болгон күндө дагы Борбордук банк 2016-жылдын жыйынтыктары 2014-жылдагы көрсөткүчкө жетип, жада калса ашып кеткен деп эсептейт.

Казакстан

Казакстанын банк системасына дагы нефтинин баасынын төмөндөшү терс таасирин тийгизип, теңге девальвация болгон. 2015-жылдын ноябрь айында көзөмөлдөөчү кызматка Данияр Акишев дайындалган. Инфляциялык тандоодон сырткары ал банк тармагындагы бир катар маселени чечүүгө аргасыз болгон. Натыйжада жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Ал учурда 78 млрд доллар активи бар 33 банкты көзөмөлдөйт.

Украина

2014-жылдан тарта банк рыногундагы 180 оюнчунун 90у калган. Мунун баары Валерия Гонтарева жетектейт. Ал Улуттук банктын төрайымы кызматына 2014-жылдын жайында келген. “Силер президентти колдодуңар деп айта алам, чынын айтсам мени силердин эч кимиңер жакшы билбейсиңер”,-деген ал кызматка келип жатып. Финансылык сектордо ал зомби-банктардын доору өткөнүн белгилеп, банктарын санын эки эсеге кыскарткан.

Быйыл болсо Украинанын ММКларында Улуттук банкты жетектеген алгачкы айым кызматынан кетери тууралуу маалыматтар пайда болгон. Май айында «Українські Новини» банктын басма сөз кызматына шилтеме берип 10-май Гонтареванын акыркы иш күнү экенин жазып чыккан. Бирок азыр ал Украинанын банк башкармалыгынын катарында бар жана 48 млрд. доллар активи бар банктарды башкарууну улантып келет.

Беларусь

Беларусиянын банк тармагын кризис кыйгап өткөн жок. Өлкөдө карыз берүү тармагында көйгөйлөр бар. Fitch рейтингдик агенттигин маалыматына ылайык, көйгөйлүү активдер 2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен 13,7%га көбөйгөн, 2015-жылдын акырында салыштырмалуу 6,8%.

Эске сала кетсек, бул маселени чечүү үчүн өкмөт көйгөйлүү активдерди банктык эмес структураларга берип, көйгөйлүү насыяларды узак мөөнөттүү облигациялар менен жабуу сунушун берген. Эмне болгон күндө дагы беларусиялык бийлик банк кризисин болтурбоого болгон күчүн жумшайт. Банк системасынын өлчөмү боюна КМШ өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү турган бакнтарды Беларусиянын Улуттук банкы козөмолдөйт. Ал жерде 30 млрд доллар активи менен 24 банк бар.

Өзбекстан

Өзбекстандын банк тармагында 20,3 млрд доллар активи бар 27 банк кирет жана борбордук банк аркылуу көзөмөлдөнөт. Акыркы жылдары банк тармагынын капиталын жогорулатууга багытталган жана насыялык операцияларды көзөмөлдөөнүн эсебинен экономикалык дисциплинаны катуулатууга арналган бир катар чаралар киргизилген.

Улуттук банкты башкаруу үчүн бир ай мурун мурдагы финансы министри Мамаризо Нурмуратова кызматка келди. Эми ал өлкөнүн банк тармагын көзөмолгө алмакчы.

Азербайжан

Нефтиден көз каранды болгон дагы бир өлкө. Бул банк системасына дагы таасирин тийгизбей койгон жок. Учурда ал жакта Казакстандагыдай эле көйгөйлөр бар – жогорку долларизация. Мындан сырткары азербайжан бийлигинде Эл аралык Азербайжан банкы деген баш оору пайда болду. Бул өлкөнүн ММКлары жазгандай, өлкөдөгү валюталык кризистин айынан жана дефицитке байланыштуу банк банкрот болуп кала жаздаган.

Аналитиктер болсо Азербайжан банктардын маселесине көп көңүл бурулбай калганын айтылууда, бирок банк тармагын колдоого 2015–2016-жылдары ИДПнын 18%ы багытталган. Өлкөнүн банк тармагына 2017-жылы дагы мамлекеттин колдоосу керек көрүнөт. Учурда Азербайжанда 31 банк иштеп келет.

2016-жылы банктарды көзөмөлдөөнү Руфат Асланлы жетектеген Финансылык рынокту көзөмөлдөө палатасына өткөрүп беришкен.

Армения

«Новости Армении» жазгандай, банктар үчүн минималдык капиталдын өлчөмү 6 эсеге жогорулатылып 30 млрд драмга жетиши керек. Армения рыногунда 21 банктын ичинен 17 комбанктар калды.

2015–2016-жылдары өлкө экономикасынын өсүү темпинин төмөндөөсү жана калктын төлөө мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөөсү банк тармакка терс таасирин берген. Натыйжада банктын негизги көрсөткүчтөрү 1−2% эле жогорулаган. Бул тенденция 2016-жылдын 3-кварталына чейин уланганын жазат басылма.

Молдова

Молдова улуттук банкынын президенти Серджиу Чокля Euromoneyге маек берген. Анда ал банк тармагы кыйроодон аман калганын билдирген. Ал улуттук банкты 2016-жылы жетектеп баштаган. Учурда ал 4 млрд доллар активи бар 11 банкты көзөмөлдөйт. Басылмага билдиргендей, банк тармагын жакшыртууга акционерлер арасында ачыктуулукту камсыз кылуу, банктарды көзөмөлдөөдө Улуттук банктын ыйгарым укуктарын кеңейтүү, европалык стандарттарды киргизүү жардам берди.

Өлкөдөгү ири 3 банк дагы көйгөйлөргө туш болгон, алардын рыноктогу үлүшү 50%. Май айында Серджиу Чокля банк системасын тазалоо графикке ылайык жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Түркмөнстан

Бул өлкөнүн банк тармагы ачык эмес. Түркмөнстанда маал-маалы менен банктар.

Тажикстан

Орусияда көйгөйлөр жаралары менен Тажикстанда дагы кыйынчылыкта пайда болду. 2014–2015-жылдары эмгек мигранттарынын Тажикстанга которгон каражаттары 47%га кыскарган. Мындан сырткары 2015-жылы сомонинин долларга карата курсу 31,7%га төмөндөгөн.

Натыйжада Тажикстандын банк тармагында бир канча жылдан бери кризис болууда. 2016-жылы 17 банктын ичинен 4 банк банкрот болуу алдында турган. Эки ири банк — «Таджиксодиротбанк» жана «Агроинвестбанк» мамлекеттик акчалардын жардамы менен сакталып калган. Калган майдалары лицензиясынан ажыраган.

“Тажикстандагы банк кризиси бул коммерциялык банктардын билимсидигинин натыйжасы, бирок банктардын абалы өтө оор эмес”,-деген Тажикстандын финансы министри Абдусалом Курбониен. Натыйжада бул абалдан өлкөнүн Улуттук банкынын жетекчиси Джашмед Нурмахмадзода алып чыгуусу керек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости