«Roland Berger» компаниясы кыргыз өкмөтүнүн программаларын ишке ашырууда жардамдашууга даярдыгын билдирди.
Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаковдун «Roland Berger» компаниясынын башкаруучу директору Штефан Хайд менен жолукканда маалым болду.
Жолугушууда өкмөт башчы аталган компания жетекчисине чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын, бажы жана салык системасында реформа башталганын айтты.
Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айында бажы төлөмдөрүнүн өсүү темпи 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 167,9 пайыз өскөн.
Аталган компания 1967-жылы негизделген. Ал Европадан чыккан жалгыз алдыңкы эл аралык консалтинг фирмасы болуп эсептелет.