Статистикалык маалыматтарга караганда, ушу тапта 1 млн 480 миӊ ири мүйүздүү малдын башы иденфикацияланган, ал эми иш жүзүндө 1 млн 644 миӊ мал иденфикацияланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын жана “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция 2016-жылы Өкмөттөн өлкөдө ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн малды иденфикациялоо боюнча тапшырмасы менен 40 млн сом бюджеттик насыя алып, анын 29 млн сому бирка сатып алууга жумшалган. «Эл аралык каржы уюмдарынын көмөгү менен эки адис Франциядан окутулуп, адистигин жогорулатып келишти. Алар ветернарлар менен такай байланышта болуп, малды иденфикациялоо жүрүшүнө үзгүлтүксүз көзөмөл кылууда», — деп кошумчалады ал.
Талкуу жыйынтыгында парламенттик угуунун резолюциясы кабыл алынып, Өкмөткө өлкөдө ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында бир катар сунуштамалар берилди. Анда малды иденфикациялоо өнөктүгүн аяктоо үчүн 2018–2019-жылдардын бюджетинен кошумча каражат кароо, малдын өлкө аймагында жылып жүрүшүн көзөмөлдөй турган адистерге кошмча штат бирдигин кароо, тийиштүү мамлекеттик органдын алдында малды иденфикациялоо боюнча өз ардынча мамлекеттик департаментти же ишкананы түзүү сындуу чаралар камтылган.