Ал ортодо премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул сунушу коомчулукта түрдүү талаш-тартыш, талкууга жем таштады. Айрымдар тышкы карыз көбөйгөндөн көбөйүп, кокодон алып турганда туура кадам дешсе, айрымдары мамлекетке жардам берүүгө милдеттүү эмес экенин жүйө келтирүүдө.
Буга чейин ушундай эле сунушту айрым жарандык активисттер көтөрүп чыккан. Ал эми коррупционерлерден өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн банктык эсеп ачуу президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым депутаттардан сунуш түшкөнүн эске алып, ушул демилге көтөрүлүп жатканын парламентте отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, атайын эсептер каржы министрлигинин алдында болот.
Эбепке себеп, же биринчи кадам
Аткаруу бийлигинин бул демилгеси айтылып, айтыла электе эле Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев буга чейин элден акча чогултуп тышкы карыздан кутулалы деген таризде чакырык таштаган болчу. Өкмөт башчынын билдирүүсүнөн кийин, атайын эсеп ачылса 1 миллион сом которорун шардана кылды.
Элден үмүт этүү – чоң жаңылыштык
Деген менен атайын эсеп ачууну кескин сындагандары, аны колдогондорго караганда арбын.
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өкмөттүн эсеп ачуу кадамын сындагандардын бири.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров эгерде чогултулган каражат максаттуу пайдаланылса, анда бул демилге өзүн актарын белгилеп:
Тышкы карыздан кутулуу үчүн коомчулуктан каражат топтоо демилгеси Кыргызстан үчүн жаңылык деле эмес. Мындан он жылдан ашуун убакыт мурда карызы көбөйүп бараткан Кыргызстанды ХИПКке киргизүү демилгеленген учурда жеке ишкер Жумабек Токтогазиев 2006-жылы улуттук фонд ачып, өз чөнтөгүнөн 1 млн. сом которгон. Бирок, анын бул демилгесин айрым гана мекенчил жарандар колдобосо, аракет бийлик тарабынан колдоого алынган эмес.
Дүйнөлүк тажрыйбада да өлкөнүн карызын төлөө үчүн эл биригип акча чогулткан көрүнүштөр арбын. Маселен, Малайзиянын эли тышкы карыздан кутулуу үчүн бир күн ичинде эле мамлекетке 2 миллион 300 миӊ доллар чогултуп беришкен. Ошондой эле Түштүк Корея калкы да бул тажрыйбаны башынан кечирген.
Маалымат иретинде айта турган болсок, ушул тапта Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4,5 млрд. долларга жакындады. Алынган карыздардын 28 пайызы транспорт тармагына, ал эми 30 пайызы энергетика тармагына жумшалган. Тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдарды бюджеттин киреше бөлүгү менен салыштырганда 8 пайызды түзөт. Мыйзамга ылайык сырттан келген акчалар өлкөнүн инфраструктурасына жана социалдык тармагына жумшалышы керек. Алынган насыянын дээрлик 98 пайызы жеңилдетилген шартта берилген.
Ошентип олтуруп Кыргызстан алган карыздарын 2056-жылга чейин төлөп бүтүшү керек. Өкмөт сырткы карыз үчүн жылына 10 миллиард сом тегерегинде акча бөлөт. Жалпысынан Кыргызстандын 23 өлкө жана эл аралык уюм алдында бересеси бар. Алардын ичинен эң ири каражатты Кытай Эксимбанкы, Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондусу берген.
Назгүл БОСТОНБАЕВА