Өкмөт бир катар социалдык мекемелердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 204,4 миллион сом өлчөмүндөгү акчалай каражат бөлүндү.
Көрсөтүлгөн сумманын 69 миллион сому Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин имаратын курууга багытталат.
67, 3 миллион сому Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна, ал эми 68, 1 миллион сому Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын жаңы корпусун курууга багытталат.