Жогорку Кеӊеште «Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү.
Иш-чарага парламент депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.
Белгилей кетсек, Өкмөт тарабынан сунуш кылынган мыйзам долбоорунун негизги максаты, салык тармагын электрондук тейлөөгө өткөрүү болуп саналат.
Депутат Дастан Бекешев мында ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн товарларын көзөмөлгө алууга шарт түзүлөт айтып, сунуштар болсо кабыл алынаарын даы кошумчалады.