• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт мунайды темир жол менен ташуу чарасын издей баштады

66

👁 2,295

Кыргыз өкмөтү Россиядан ташылып келүүчү күйүүчү майларды өлкөнүн түштүгүнө темир жол аркылуу түз жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карай баштады.

Бул маселе күн мурун вице премьер-министр Дайыр Кенекеевдин катышуусунда өткөн жыйында көтөрүлүп, мунайды түз жеткирүү боюнча кошуна өлкө Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүү тиешелүү жетекчилерге табышталды.

Россиядан келчү күйүүчү май Кара-Балта шаарына чейин темир жол аркылуу келип, андан ары унаалар менен өлкөнүн түштүк чөлкөмүнө жеткирилет. Күн сайын 40 тонна мунай жүктөгөн унаалар үчүн өзгөчө кыш мезгилинде кооптуу болуп, ар кандай кырсыктарга себепкер болууда.

Жыл жаңырар алдында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунан кийин Рсссиядан Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга темир жол менен мунай ташууда арзандатылган тариф киргизилди. Эгерде бул иш жүзүнө аша турган болсо түштүк облустарына тургай күйүүчү майлар Өзбекстандын Анжияны аркылуу түз жеткирилет.

Мунай ташууда арзандатылган тариф системасы Кыргызстанда бир топ жылдан бери ишке ашпай келген.

Кыргыз расмийлерди майды темир жол менен ташууда биринчи кезекте экономикалык жактан үнөмдүу, ошол эле учурда коопсуз экенин жүйө келтирүүдө.
Ош-Бишкек жолу аркылуу күйүүчү май ташуу ириде экологиялык зыяндарга, адам өмүрүнүн кыйылышына, жолдордун бузулушуна алып келип жаткан. Жакында эле Ош-Бишкек жолундагы Токтогул районунун Чычкан дарыясына көп көлөмдө күйүүчү май ташып бараткан унаа сууга кулап, бир топ экономикалык да, экологиялык да зыян алып келди.

Бул сыяктуу ири кырсыктар акыркы учурларда көп катталууда. Алсак, ушул эле жолдо 16-январь күнү «DAF» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Мунун айынан цистернадагы 37 тонна солярканын эки тоннасы төгүлгөн.

13-январда Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил автомашина кагышып, жеңил унаадагы төрт жүргүнчү ошол жерден мерт кеткен.

Өткөн жылдын күз айында “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа менен “Хонда-Фит” жеңил машинеси кагылышып, жеңил автоунаадагы беш киши өрттөнүп кеткен.

Жүк ташуучулар компаниясынан билдиришкендей, темир жол аркылуу өткөн жолдун аралыгы 50–60 чакырымды түзүп, биринчи кезекте күйүүчү майдын баасына оң таасир этмекчи. Маалыматтар боюнча ушул тапта солярканын бир литри Бишкекте 39 сом болсо, Ошто 42 сом, Баткенге жеткенге чейин 45 сомго чыгып кетүүдө.

Ай сайын Россиядан Кыргызстанга 80 миң тоннага жакын күйүүчү май ташылып келинет. Анын дээрлик жарымына жакынын өлкөнүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына кетет.

Кыргызстемир жолу ишканасынан билдиргендей, Өзбекстан темир жолу транзитин арзандатып берсе, эл үчүн пайдалуу болмок

“Мунай ташуучулар эгерде Өзбекстан жеңилдик берсе, темир жол аркылуу 300 миң тонна майды ташууга кепилдик беришти. Бул албетте, биринчи кезекте арзан болуп, элге пайдалуу болот”,деди “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев.

Ушл тапта айына 30 миң тонна га жакын күйүүчү май Бишкек аркылуу түштүк облустарга ташылууда.

Адистер мунайды темир жол аркылуу туз жеткирүү экономикалык жактан гана пайдалуу болбостон унаа жолдорунун сапатын сактоого, ар кандай тобокелчиликтерди жоюуга, анын ичинде кан жолдо кырсыктарды болтурбоого өбөлгө болот деп үмүт артууда.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости