Бүгүнкү күнү өлкөбүздө 26 лотереялык компания жана 46 лицензия катталган. Алар жеке бизнеске таандык болгондуктан лотереялык кызматташтыкта туруксуз компаниялар жолукпайт.
Мындан ары Мамалекеттик лотереялык компаниянын негизинде мамлекет өзү оператор катары финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызмат жана Эсептөө палатасы аркылуу аткарылат, жылда текшерүү иштерин жүргүзөт. Лотереялык кызматташтыкта бир гана монополист калат, мыйзам кабыл алынган күнү баардык жеке лотереялык компаниялар жоюлат.
«Лотереялык кызматташтык жөнүндө» мыйзамдын долбоорунун негизинде лотереянын заматтык жана тираждык эки түрүн сунуш кылат. Андан тышкары мамлекеттик, муниципалдык жана ишкердик лотереяларга бөлүнөт. Ошентип кыргыз бийлиги мамлекет көзөмөлдөй эленбеген каражаттар кызматташтыгына да жетти.
Казино жана букмекер иштерине тыйуу салгандан кийин депутататр жана кызматкерлер карапайым эл дагы, кыйынчылык менен тапкан каражаттарын элдик кызматчыларынын көзөмөлүнөн калган интернет мейкиндигинде жебе ойундарына жана виртуалдык дүйнөгө коротконун көрүштү. Тэз аранын ичинде пайда көрүүнүн булагын табыш керек болду. Ошонун негизинде ушул мыйзам долбоору туулуда.
Мамлекеттик эпсиздиги жана бюрократиясына карабастан чындыгында лотереялык бизнес казынага бир топ киреше алып келиши мүмкүн, калктын кызыкчылыгы да утулушта болушу мүмкүн, себеби кирешенин 50 пайызы байгеге кетет. Улуу муун дагы күбө болгондой советтик доордо да бир топ советтик лотереялар ойнотулган, ага көп эмес каражаттар кетирилген. Жаштар болсо бары бир жебе ойундарында орун табышкан.
Эгерде мамлекет бул ишти катуу жана олдоксон тура байге фонду жок аспапка жаратса бул жакшы иш башында эле бузулуп жокко калат. Калк болсо көнүлүн Кыргызстандын сыртындагы чет элдик лотереяларга бурат.
Башка мамлекеттерде бул тарапта кандай жагдай экен көнүл буралы.
Дүйнө жүзүндө лотереяларга тыюу салуу көп колдонулат. Сыйлоо оюундарга гана уруксат берилген. Аны кардарлар атайын жарнак түрүндө өткөзүшөт. Лотереянын атын колдонуп бирок чындыгында казино оюундарын өткөзгөн тескери практикадан бул чечимдин негизи чыккан.
«Азерлотореянын» ичине «Бинго», «Супер Бинго», «5 из 36», «6 из 40» лотереялар киришет, алар дагы мамлекеттик көзөмөлдө. Байгеге автоунаалар, батирлер ж.б. коюлат.
Жеке лотереяларга чет өлкөлөрдө да тыюу салынат. Мисалы Италияда, Испанияда, Португалияда, Кытай ж.б. өлкөлөрдө тыюу салынган. Америкада болсо бардык лотереялар мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Бирок ар бир штат өзүнүн мыйзамдарынын чегинде өзгөртүүлөрдү киргизген.
Франция менен Улуу Британияда коммерциялык лотереяга тыюу салынбаган. Францияда лотерея бул 75 пайыз мамалекетке караштуу акционердик коом, 25 пайызы жеке менчикте. Англияда болсо лото-бизнесмендерге интернет сайт кармоого уруксат жок, билеттерди онлайн түрүндө сатууга да тыюу салынган.