• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт күйүүчү майдын кымбаттоосу боюнча түшүндүрмө берди

10_1

👁 394

Жыл башынан бери күйүүчү майдын чекене баасы орто эсеп менен 5,8 пайызга жогорулады.

Вице-премьер Замирбек Аскаров күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы абал боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери күйүүчү майдын чекене баасы орто эсеп менен 5,8 пайызга жогорулады.

Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун дүң баасынын жогорулашынын натыйжасында нарк көтөрүүлүүдө. 2017-жылдын октябрь айынан тарта мунайды кайра иштетүүчү бир катар ишканаларда оңдоо иштери болуп, алардын токтотулушу да негизги себептердин бири. Натыйжада башка мунай өндүрүүчү заводдор мунай өндүрүү көлөмүн арттыргандыгына карабастан, рыноктогу баа жогорулап жатат», — деп айтылат маалыматта.

Майдын кымбатташына мунайга карата дүйнөлүк баанын көтөрүлүшү дагы себеп болгон.

«Чийки мунайга карата баанын үзгүлтүксүз жогорулашы алты жумадан бери уланууда. 2018-жылдын май айында гана баанын өсүшү 9–10 пайызды түзүп, акыркы 3,5 жылда алгач ирет баррелине 80 доллардан жогору болду. Бул Европа мамлекеттеринде мунай продуктуларынын наркынын кескин жогорулашына алып келди», — деп айтылат өкмөт тараткан билдирүүдө.
Кеңешмеде аталган факторлордон улам россиялык мунай продуктусун европалык багытта экспорттоонун мааниси күч алгандыгы баса белгиленди. Эгерде апрель айында Санкт-Петербургдун товардык-сырье биржасында мунайдын тоннасы 711 АКШ долларын түзсө, май айында анын баасы 825 АКШ долларга жеткен.
Кеңешме жыйынтыгында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине күйүүчү май рыногундагы баанын абалына мониторинг жүргүзүп, наркты көзөмөлдөп туруу тапшырылды.

Ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине атамекендик мунай өндүрүү ишканаларынын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн чараларды кабыл алуусу милдеттендирилди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости