Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыгынын натыйжасында жабыркаган 2 жашар кызды дарылоо үчүн 100 000 сом бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министрдин резервдик фондунан жол кырсыгынын натыйжасында жубайы каза таап, ал эми эки жашар кызы ооруканага түшүп, дарыгерлер анын бутун ампутациялоого туура келген Жыргалбек Чотонов үчүн 100 миң сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.
Эске салсак, 9-февралда Бишкек шаарынын Витебск жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобустун айдоочусу аялды коюп кеткен. Аял кырсык болгон жерде мерт болуп, 2 жаштагы кызы ооруканага түшкөн.