• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өкмөт башчы Ош базарындагы өрттөн жабыркагандарга жардам берээрин айтты

sab_2302

👁 700

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 16-апрелде, Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагында 2018-жылдын 13-апрелинде орун алган өрт кырсыгынын натыйжасында жабыркаган ишкерлер менен жолугушту.

Өкмөт башчы соодагерлерге колдоо сөздөрүн билдирип, кырсык орун алган соң, дароо өрт кесепетинен түшкөн зыяндын көлөмүн баалоо боюнча Комиссия түзүлгөндүгүн маалымдады.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө Комиссия тарабынан жабыркаган ишкерлердин тизмеси түзүлүп жатат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жабыркаган ишкерлерден документ кабыл алууну уюштуруусу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына салыктык карыздарды төлөө мөөнөтүн узартуусу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна үстүбүздөгү жылдын 14-апрелине карата камсыздоо төлөмдөрү жана финасылык санкциялар боюнча төлөм мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу тапшырылды.

Ошондой эле Сапар Исаковдун айтымында, өлкөнүн коммерциялык банктары менен жабыркаган ишкерлердин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо тууралуу тийиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Өкмөт башчы аталган иш боюнча иликтөөнүн жүрүшү анын жеке көзөмөлүндө болоорун баса белгиледи. Премьер-министр билдиргендей, рынок ээлери менен ишкерлер үчүн бардык талаптарды эске алуу менен жаңы имаратты тез арада куруп баштоо боюнча тийиштүү иштер өткөрүлөт.

Буга катар ал базар ээлери менен биргеликте ишкерлерге арендалык төлөмдү убактылуу төмөндөтүү иретинде жеңилдиктерди берүү маселеси иштелип чыгаарын билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясына базар ээлери менен тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Жолугушуунун ужүрүшүндө Сапар Исаков өкмөттүк түзүмдөр тараптан көйгөйлөрдү тез арада чечүү жана жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн максималдуу күч-аракеттер жумшалаарын дагы бир ирет белгиледи.

Премьер-министр өлкөнүн мамлекеттик органдарына бир катар тийиштүү тапшырмаларды берип, соодагерлерди жакынкы арада дагы бир ирет жолугушууга чакырды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости