Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкү обьектилерди өз мөөнөтүндө жана толук каржылоону тапшырды:
- Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин реабилитациялык корпусунун курулушу;
- Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин негизги корпустарынын капиталдык ремонту жана реабилитациялык корпусунун курулушу.
Белгилесек, мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар социалдык обьектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алган.
Пландаштырылгандай, аталган обьектилердеги курулуш иштерин каржылоо 2018-жылдын июнь айында башталат.
Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1970-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө мында 5–18 жашка чейинки 116 бала жашайт, анын 70и – балдар, 46сы – кыздар.